АКШ менен “Талибан” кыймылынын ортосунда түзүлгөн тынчтык келишимине карабай, Ооганстанда күн сайын аскердик кагылышуулардын жүрүшүндө ондогон ооган армиясынын аскер кызматкерлери, согушкерлер жана карапайым эл көз жумуп жатат. эмнеге тынчтык келишими жөнүндө документ иштебей жаткандыгы жана анын Вашингтонго чынында кандай кереги бар экендиги жөнүндө кененирээк Федералдык жаңылыктар агенттигинин материалында (ФЖА) айтылат.
Террористтер менен түзүлгөн макулдашуу
Америкалыктар менен талибдердин бир жарым жылдык сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы болгон макулдашуу өткөн жылдын августунда эле даяр болгон. Бирок, өткөн жылдын 9-сентябрына карата белгиленген АКШнын президенти Дональд Трамптын ооган башчысы Ашраф Гани менен “Талибандын” жетекчисинин Кэмп-Дэвидде боло турган жолугушуусу акыркы учурда Ак үй тарабынан токтотулган. Вашингтон буга Кабулда болгон тарракттан улам баргандыгын билдирди, анткени анын курмандыктарынын арасында америкалык аскер кызматкери да болгон. Бирок, чынында америкалыктар макулдашуу аткарылбайт деп коркушкан.
Мына эми, февралдын аягында Катарда салтанаттуу иш-чара болуп өттү, анда АКШ жана “Талибан” 18 жылга созулган согушта биринчи тынчтык жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Ал америкалыктардын Ооганстандагы аскердик контингентинин санын кыскартып, андан кийин эгер талибдер өзүн өзү токтото алышса, 14 айдын аралыгында аскер күчтөрүн, ошондой эле НАТО боюнча создаштарынын аскерлерин чыгарып кетүүнү улантарын карайт. Анын ордуна “Талибан” өлкөнүн аймагын АКШга жана башка мамлекеттерге кол салуу үчүн пайдалануудан баш тартышы керек. Муну менен, америкалык бийлик Ооганстандагы согуш жеңилүү менен аяктаганын моюндаган.
Бул шартты эл аралык коомчулук дагы жактырган. БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШ бийлиги менен мурункудай эле террористтик уюм болгон “Талибан” кыймылынын ортосундагы макулдашууну колдогон. Эми болсо америкалыктар талибдерден бул статусту жана санкцияларды алып салууга Коопсуздук кеңешин чакырууда.
Элдешүүгө карабаган чабуулдар
Бирок, макулдашууга кол коюлган учурдан бир жума өтпөй, АКШ Гильменд ооган провинциясында ооган өкмөтүнүн күчтөрүнүн контролдук-өткөрмө пунктуна кол салып жаткан талибдерге аба чабуулун жасады.
Мындан тышкары, элдешүүгө карабай Ооганстанда күн сайын куралдуу кагылышуулардан ооган армиясынын ондогон аскер кызматкерлери, согушкерлер жана карапайым эл көз жумууда.
Баарынан мурун бул көпчүлүк оогандыктарды карапайым элди массалык түрдө өлтүргөндүгүнөн жана 13 жылга созулган АКШ жетектеген “Кыйрагыс эркиндик” операциясынын жүрүшүндө эл аралык коалициялардын аскер кызматкерлери тарабынан жарандык объектилердин талкалануусунан улам “чет өлкөлүк баскынчыларга” карата терең жек көрүү канына сиңип калгандыгы менен шартталат.
Мындан тышкары, талаа командирлеринин көпчүлүк бөлүгү, баарынан мурун “Хаккани тобунун” курамындагылар америкалыктар менен болгон макулдашууну чыккынчылык деп эсептейт жана Ооганстандын аймагында “Халифатты” түзүү идеясынан баш тартуу ниети жок.
Бул талибдердин бандалык түзүлүшүнүн бир бөлүгү башка эл аралык экстремисттик топторго өтүүсү үчүн, баарынан мурун тыюу салынган “Ислам мамлекети” террористтик уюмунун “Хорасан велаяты” деп аталган ооганфилиалына мүмкүнчүлүк түзүүдө.
Иш жүзүндө АКШ менен ооган талибдеринин ортосундагы түзүлгөн Макулдашуу Ооганстандагы кырдаалды турукташтырууга эле таасирин тийгизбестен, региондогу террористтик коркунучтун өсүүсүнө дагы алып келет, АКШ үчүн атаандаштык мүнөздү алып жүрөт жана президенттик шайлоонун астынан Трамптын рейтингин бекемдөө максатын көздөйт.
АКШ кырдаалды өзгөртө алган жок
Плеханов атындагы Россия экономикалык университетинин политология жана социология кафедрасынын башчысы Андрей Кошкин америкалыктардын Ооганстанда 18 жыл бою аскердик катышуусу бул өлкөгө негиздүү өзгөрүүгө алып келген жок деп билдирди.
“Биринчиден, АКШ ал жакка НАТО блогундагы мамлекеттердин Куралдуу күчтөрүн тартты. Алар ал өлкөлө 18 жылдан ашык жүрүшөт. Жада калса Ооганстанда аскерлеринин саны боюнча эң жогорку көрсөткүч 65 миңден ашык болгонуна карабай, жыйынтыгы алар кырдаалды өзгөртө албастыгын көрсөттү. Америка Кошмо Штаттары кээде планетадагы лидерликтен аргасыз алыстап жатат, бирок аны менен катар өзүнүн басымын колдон чыгаргысы келбейт. Ал Ортоңкы Чыгыштан, анын ичинде Ооганстандан дагы артка кайтууга аргасыз”, - деп белгиледи эксперт.
Башты бийик көрөтүп артка кетүү керек
АКШ макулдашуу түзгөндөн кийин жаңы “союздаштарына” алар тарабынан башаламандыкка жол берүү ниети жок экенин көрсөтүүнү чечет. Мындан тышкары, Трамп көп сандаган камакка алынгандарды алмашуучу тыйын катары пайдаланууну каалаган, деп болжолдойт саясат таануучу.
“Ал жактан башты бийик көтөрүп, Ооганстандагы саясий кырдаалды өзгөртүүгө менен байланышкан негизги тапшырмалар аткарылды деген түр көрсөтүп, чыгып кетүү үчүн АКШ мурун болуп көрбөгөн чараларга барышты. Ал ким менен согушуп жатса, ошо менен макулдашуу түзгөнү аз келгенсип, американын президенти “Талибандын” башкы жетекчисине чалып, кандай аракеттенүү керектигин так аныктап алууну каалаган. Алар макулдашууга кол коюп, биринчи контролдук-өткөрмө постту аткылашкандан кийин, ал макулдашууга кол коюу талибдерге өздөрүнүн кесиптештерине карата башаламандык кылууга укук берет дегенди билдирет. Кол коюу алдында АКШдан беш миң камакка алынган талибдерди бошотууну суранышкан, бирок президент макул болгон эмес, анткени талибдер менен соодалашуу үчүн өзү алмаштыруучу тыйынга ээ болгусу келген. Ушул жерде дагы келишпестик болгон”, - деп белгиледи Кошкин.
Иштебей турган кагаз
Ошондой эле, эксперт макулдашуу иштебей турган сыяктуу көрүнүп жаткандыгына көңүл бурду. Бул чынында талибдерге Вашингтон тарабынан таңууланган шарттардын такыр кереги жок болгондугунан улам болуп жатат.
“Америкалыктар дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттеринде, анын ичинде Россияда дагы тыюу салынган террористтер менен макулдашуу түздү. Бирок, АКШ ушул макулдашуунун сакталышын каалайт. “Талибан” Кошмо Штаттар менен түзүлгөн макулдашууну туура эмес түшүнүп алды. Мына ушундай казус келип чыкты. Макулдашууну ок атуу менен чийип салууга болбойт, бирок ошол эле учурда биз ал иштебей турган кагаз экендигине күбө болуп жатабыз. Чынында кырдаал өзгөргөн жок, талибдер АКШ кетип, өзүнүн башкаруусун кошо ала кетүүсүн каалайт”, - деп белгиледи эксперт.