Сербияга Россия Федерациянын Коргоо министрлигинин эки учагы короновирус менен күрөшүүчү адистерди жеткирди

6 апреля 2020 Сербияга Россия Федерациянын Коргоо министрлигинин эки учагы короновирус менен күрөшүүчү адистерди жеткирди

Россия Федерациянын аба-космостук күчтөрү короновирус инфекциясы менен күрөшүүчү жабдуулар жана адистер менен Сербияга Чкалов аэродромунан учуп чыкты. Бул тууралуу журналисттерге Россия Федерациянын Коргоо министри билдирди.

“Учак Батайница аэродромуна (Белграддын түндүк-батышынан 20 км алыстыкта) аскер дарыгерлеринин, вирусология жана эпидемиология  жаатындагы адистердин алдыңкы тобун эпидемиологиялык диагностика жана дезинфекциялоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн заманбап жабдуулар менен жеткирди”, - деп айтылат маалыматта.

Кийинчерээк экинчи борттун учуп баргандыгы жөнүндө кабарланды.

“Россиянын куралдуу күчтөрүнүн жогорку башкы командачысы Владимир Путиндин тапшырмасы боюнча коргоо министри армиянын генералы Сергей Шойгу тарабынан 3-апрелден тартып коронавирус инфекциясынын жайылуусу менен күрөшүүдө Сербия Республикасына жардамды ыкчам жеткирүү үчүн авиациялык топторду түзүү жөнүндө көрсөтмөлөр берилди”, - деп билдиришти министрликтен.

Ведомствонун маалыматы боюнча, азыркы учурда Чкалов аскер аэродромунда заманбап жабдуулар жана мүлктөр менен сегиз дарыгерлик-медайымдык бригаданы Сербияга жеткирүү үчүн Россиянын аба-космостук күчтөрүнүн Ил-76 учагы даяр турат. Ошондой эле, радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо адистеринин отряды даярдалды, алар дезинфекция иштерин жүргүзүшөт, алар “патогендик материалдардын анализинин, транспортту, имараттарды жана курулмаларды аэрозолдык дезинфекциялоо комплекстери жана дезинфектанттардын зарыл болгон запасы менен” камсыз болушкан.

Баары болуп аскердик-транспорттук авиациясы 11 учактык каттамды ишке ашырууну пландоодо. Алар аркылуу Сербияга 87 аскердик дарыгерлер, радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо аскерлеринин вирусолог адистери, атайын медициналык жабдуулар, ошондой эле коргоо каражаттары жана 15 аскердик техника бирдиги жеткирилет.

Сербияга жардам

2-апрелде Россиянын президенти Владимир Путин Сербиянын өлкө башчысы Александар Вучич менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча Кремлдин маалымат кызматы Россия Сербияга гуманитардык жардам берип, дарыгерлерди жана дезинфекция боюнча адистерди жөнөтөрүн билдирди.

26-мартта Сербиянын министрлер кабинети Россиянын жаңы коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүүсү жөнүндө суранган. Белград эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуунун алкагында өзгөчө гуманитардык чара көрүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө конкреттүү жардам сураган.

2-апрелге карата Сербияда коронавируска чалдыккандардын саны суткасына 111 кишини түзүп, жалпы саны 1171ге, көз жумгандардын саны 31 кишиге жеткен. Сербия толугу менен чек араларын жаап, өлкөгө өзгөчө абал киргизилип, коменданттык саат жүрүп жатат. Парламенттик шайлоолор токтотулду, шаар аралык автобустук жана темир жол каттамдары дагы токтотулду. 65 жаштан улуу кишилердин сыртка чыгуусуна тыюу салынган.

mediaplov.asia