Кыргызстанда дагы 69 адамдан COVID-19 чыкты

6 апреля 2020 Кыргызстанда дагы 69 адамдан COVID-19 чыкты

Эпидемия жайыла баштагандан бери Кыргызстанда аталган вирус аныкталган эки киши көз жумду. Экөө тең чет мамлекеттен келгени айтылды.

Кыргызстанда дагы 69 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Жаңы учурдун баары обсервацияда жаткандардан аныкталган. Кыргызстанда ушуну менен бейтаптардын саны 216га жетти. 

"Бир сутканын ичинде лабораториялык анализдин жыйынтыгы менен 69 адамда коронавирус бар экени аныкталды. Анын ичинен Ош облусунун Ноокат районунда 42, Кара-Суу районунда үч , Ош шаарында эки, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 13, Бишкекте беш, Нарын шаарында 1, Каракол шаарында бир, Чүй облусунун Кемин районунда бир, Баткенде бир учур катталды. Булардын бирөөндө гана клиникалык белгилери бар", — деди министр.

sputnik