Алдамчы компания айылды уруштурду

21 ноября 2018 Алдамчы компания айылды уруштурду

Жети-Өгүз районунун жоон топ тургундары түйүндүк соода менен алектенген компанияга каражаттарын алдатып жиберишти.

Алардын көпчүлүгү бул соода түйүнүнө насыя алып, мал-мүлкүн сатып акча салышкан. Жабырлануучулардын арасында райондун акиминин жубайы да бар. Учурда "финансы пирамидасына” байланыштуу райондук милиция кылмыш ишин козгоп, териштирип жатат.

Боз-Бешик айылынын тургуну, пенсионер Кымка Сүйүмбаева “Сатылык” аттуу түйүндүк соода компаниясына кантип алданып калганын айтып берди:

- "Караколго ушундай бир долбоор келди" десе, "эл аралык уюм окшойт" деп барганбыз. Укмуш семинар болду. Ысык-Көл облусунан көп аял барган экен. Уюштургандар Таластан келиптир. Анан бизге чийип эле көрсөтө башташты, "адегенде бир киши, анан эки киши, мына мындай кылып бересиңер" деп. "Акчаны бир эле тегереткенде мынчадан акча алып каласыңар" деп байытып салды. Аны түшүндүргөндөн кийин бизге айылга да келишти.

Кымка Сүйүмбаеванын айтымына караганда, мүчөлүк акы катары салган каражатын эселеп көбөйтүү боюнча ушундай эле семинар кийинчерээк Боз-Бешик айылында да өткөн. Ал жерде ишти уюштурууга эки келин шайланган. Алар үймө-үй элди үгүттөп бир тобун ушул түйүндүк соодага киргизген. Алардын арасында Кымка апанын тууган-туушкандары, куда-сөөк, жек-жааты да бар.

 

- Өзүбүздүн айылдагы тууган-туушкандарды да киргизгенбиз, - дейт ал. - Азыр баары "Акчаны качан бересиңер?" деп моюнга минип отурат. Анча-мынчасы алып калды. Үйдөн үчөөбүз кирген элек - кызым, уулум жана мен. 11 миңден ашыгыраак акча чыгарып, 35 миң сом бергенбиз. Анан ошону адегенде бир алдык. Андан кийин балдарыбызга да салганбыз, алардан эч ким эч нерсе албай калды. Сиңдилериме, туугандарымдан он чакты кишиге, куда-сөөктөргө да айтканбыз. Азыр эми шерменде болуп отурабыз. Болгондо да эжемдин майып баласы бир тыйын албай калды. Мындай окуя айылдын ичинде толтура.

Чынжырча түрүндө катталып, тарам-тарам болуп жайылып кеткен бул бизнесте пайданы алгачкы катталгандар гана көрүп, ал түгүл чет өлкөлөрдө да эс алып келген. Кийинкилери пайда көрмөк тургай өз каражаттарынан куржалак калган.

"Бул маркетингге ишенип, элди үгүттөгөн айылдык уюштуруучулар материалдык эле эмес, моралдык жактан да жабыркашты", - дейт Сүйүмбаева.

 

“Сатылык” аттуу соода түйүндөрүнө Саруу айылынан жоон топ киши кирген. Арасында мугалимдер да бар. Андай мугалимдердин бири Асел Жумабаева алгачкылардан болуп катталганы үчүн 270 миң сом пайда көргөнгө жетишип калган.

- 270 миң сомду кандай алат? - деп түшүндүрдү ал. - 34 миң сомдон 16 киши бир кишинин астына киргенде ошондо эң үстүндөгү киши 270 миң сомду алып чыгып атат. Астына 16 киши жазылат. Бир киши 270 миң сомду алса, төрт киши 27 миң сом алып атат, кайра кайтарым акчасы жанагы 34 миң сомдон. Ошондо мындайча айтканда 7 миң сому компанияга түшөт. Долбоор келгенде каникул учуру эле, "иштеп алалы" деп жалаң мугалимдер кирдик. "Мугалимдер кирип атса ишенимдүү" дегенсип, айылдан тааныганы деле, тааныбаганы деле кирди. Алгачкылардан болуп 10 мугалим 270 миң сомдон алдык. Ошентип биринчи алгандар таландыда калдык да.

Бирок, бул пайда Аселдин өзүнө айгак болгон. Кирешесиз калгандардын басымынын айтынан микроинсульт да алган. Анын айтымында, бул каржы пирамидасы карапайым элди каражатынан эле ажыратпай, айыл ичинде да уруш-талашты көбөйтүп жатат.

- 270 миң сомдон алган кишилердин баарын чогулткам, - дейт Асел. - "16 кишинин акчасын төлөп берели" дедим. Баары тең баш тартып коюшту. "Биз аны бере албайбыз, коротуп салдык" дешти. Мен алган акчамды төлөп бердим жана насыя алып ушуга чейин төлөп келем. 270 миң сомду алгандар төлөп берип койсо эле Саруу айылы тынчымак.

Кызыгы, бул шектүү бизнеске Жети-Өгүз районунун акими Калысбек Жудөевдин аялы, райондук салык кызматынын бухгалтери Бурулкан Асаналиева да кирген. Бул өз кезегинде Ысык-Көл облустук коллегиясында акимдин жоопкерчилигине байланышкан маселенин каралышын шарттап, натыйжада Бурулкан Асаналиева Мамлекеттик салык кызматындагы бухгалтердик ишинен бошотулган. Бул маселеге байланыштуу анын өзүнүн пикирин угууга мүмкүн болгон жок.​

 

Райондун акими Калысбек Жудеев аялынын мындай шектүү ишкердикке киргенин кеч билгенин, күнөөсү болсо жоопко тартылышы керек экенин белгиледи:

- Менин келинчегим боюнча тергөө жүрүп жатат. Тергөө аяктап бүтөт... Кызматынан берене менен алынды. Мамлекеттик салык кызматында бухгалтер болчу. Эгерде күнөөлүү болуп, кылган ишинде кылмыштын белгиси болсо, анда жоопко тартылат. Баарыбыз бирдейбиз. Мен аны башында киргенде билген эмесмин.

Аким буга чейин “Сатылык” компаниясынын ишмердиги мыйзамдуу экенине бекем ишенип келгенин кошумчалады:

- Бул долбоордун мыйзамдуулугун текшерткем. Менимче бизден салыкка каттоого турушкан. Жалал-Абад шаарында жана биздин Адилет министрлигинен каттоодон өтүптүр. Бүт мыйзамдуу келип атат да. Бирок булардын негизги иши, башы Казакстанда, Алматыда экен.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында бул окуяны азыр Жети-Өгүз райондук милициясы тергеп жатат жана облустук башкармалыктын көзөмөлүндө турат.

- Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда бир нече адам “Сатылык” коомуна кирип, акча каражатын кошкону аныкталган, - деди ал.

Усубакуновдун сөзү боюнча 2018-жылдын 17-августунда облустук ички иштер башкармалыгынын кайрылуусунун негизинде Каракол шаардык соту "“Сатылык” компаниясынын президенти" деп айтылып жаткан 60 жаштагы Надежда Цайга айыбын сыртынан угузуп, камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган жана издөө жарыялаган. Милиция тергөө кызыкчылыгынан улам мындан башка маалымат берген жок.

Жергиликтүү бийликтин жана жабырлануучулардын маалыматтары боюнча Надежда Цай аттуу аял жетектегени айтылып жаткан “Сатылык” компаниясы Казакстанда түптөлгөн. 2016-жылы Кыргызстанда Юстиция министрлигинин каттоосунан өтүп, Жалал-Абад шаарында бөлүмү ачылган.

Анын ишмердигин Кыргызстанда Аида жана Нурайым аттуу өкүлдөрү жүргүзүшкөн. Бирок компаниянын бул же башка тарапкерлерин жана анын ишмердиги тууралуу маалыматтарды табууга дээрлик мүмкүн болбой жатат. Компания Казакстанда же башка өлкөдө түптөлгөндүгү же аты уйкаш ушундай уюмдарга тиешеси бар-жогу тууралуу да так маалымат жок.

Белгилүү жагы – түйүндүк маркетинг же тармакташып соода жүргүзүү менен шугулдангандардын арасында алданып калгандарды Кыргызстандын башка аймактарынан да жолуктурууга болот.

 

 

дагы: azattyk.org, фото-© azattyk.org