Премьер-министр тигил же бул азыктын жана дары-дармектин тартыштыгы боюнча тынчсызданууга негиз жок экенин эскертти.
Коронавирус инфекциясынын өлкөнүн экономикалык жана социалдык туруктуулукка тийгизген терс таасиринин кесепетин жоюу боюнча өкмөттүн планы бекитилди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүнкү жагдай саламаттык сактоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо сыяктуу жылдап топтолуп келген көйгөйлөрдү өкмөткө ыкчам чечүүнү милдеттендиргенин белгилеген.
Ошондой эле өкмөт башчы тигил же бул азыктын жана дары-дармектин жоктугу боюнча тынчсызданууга негиз жок экенин эскертти.
“Чек аралар ачык, жүк жана товар кадимки тартипте ташылууда. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 10 миң тонна ун бөлүү тууралуу чечим кабыл алынды, анын 5 миң тоннасы калктын аяр катмарын колдоого багытталат. Муну менен катар жакынкы күндөрү өкмөт бизнес-коомчулук жана ыктыярчылар менен бирге турмуштук оор кырдаалга туш болгон жарандарга даректүү жардам берүү боюнча масштабдуу жумуштарды жайылта баштайт”, — деди Абылгазиев.
Калкка жардам берүү максатында төмөнкү чечимдер кабыл алынды:
- Ири өндүрүүчүлөргө, азык-түлүк ташуучуларга, ири соода түйүндөрүнүн кожоюндарына социалдык маанидеги айыл чарба продукцияларын жана азык-түлүктүн жетиштүү запасын, алардын сатылышын жана туруктуу наркын камсыз кылууну сунуштоо;
- Мамлекеттик резервге күнүмдүк керектелүүчү азыктарды топтоо;
- Социалдык маанидеги товарлардын, дары-дармектердин, медициналык каражаттардын импорту үзгүлтүксүз өтүшү үчүн транзиттик жүк ташуу боюнча “жашыл коридорду” камсыз кылуу механизмин ЕАЭБдеги өнөктөштөр менен макулдашуу;
- Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк түрүндө жардам берүү.