Коронавирус жуктургандардын үчөө реанимацияда, бирөөнүн абалы өтө оор

31 марта 2020 Коронавирус жуктургандардын үчөө реанимацияда, бирөөнүн абалы өтө оор

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны ушуну менен 107ге жетти. Басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын ичинен үчөө жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаб башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, бир жаран жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.

"Үч бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Экөө Ноокат аймактык ооруканасында, абалы орточо оор. Бирөө Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасында дарыланууда. Анын абалы өтө оор, жасалма дем алдыруу аппаратына коштук", — деди Мамбетов.

sputnik.kg