Эки күндө COVID-19 аныкталган 23 киши вирусту кайдан жуктурганы айтылды

31 марта 2020 Эки күндө COVID-19 аныкталган 23 киши вирусту кайдан жуктурганы айтылды

Саламаттык сактоо министрлигинин штаб жетекчисинин орун басары өлкө ичинде бири-бирине жуктургандар көп каттала баштаганын эскертти.

Кыргызстанда соңку эки күндө коронавирус жуктурганы аныкталган 23 адамдын төртөө гана чет өлкөдөн келген. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин штаб жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, өлкөдө кечээ - 10, бүгүн 13 адам COVID-19 инфекциясына кабылганы маалымдалган.

“Жаңы аныкталган 23 кишинин төртөө гана сырттан келген. Калган 19у өз ара байланыштар аркылуу жуккан. Биздин медицина кызматкерлери ушундай кыйынчылыкка карабастан күнү-түнү иштеп жатышат. Кечээ үч кишини айыктырып ооруканадан чыгарышты. Эки сутканын ичинде беш үй-бүлөдөн 15 адамга коронавирус жукканы аныкталып жатат. Алар карантиндин эрежесин сактабаганы үчүн баарына кыйынчылык жаралууда”, — деди Мамбетов.

Ошондой эле ал учурда өлкө боюнча 257 мобилдик бригада иштеп жатканын айтты. Эгер жарандар обочолонуу режимин так аткарса, аларга чоң жардам болорун эскертти адис.

sputnik.kg