Сокулук акимиаты толук карантинге алынып, ичиндеги кызматкерлер чыга албай калды

31 марта 2020 Сокулук акимиаты толук карантинге алынып, ичиндеги кызматкерлер чыга албай калды

Акимиатта иштеген бир кызматкердин жубайынын эжесинен коронавирус табылган. Эже-сиңди Дубайга барып келишкен.

Сокулук райондук администрациясынын бардык кызматкерлери карантинге алынды. Алар акимиаттын имаратынын ичинде болушат. Бул туурасында өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, акимиаттын башкармалыгында иштеген бир кызматкердин аялы эжеси менен Дубайга барып келген. Алар Бишкекте обсервацияга жаткырылып, анализи алынгандан кийин үй карантинине жиберилген. Кийинчерээк кызматкердин жубайынын эжеси коронавирус жуктурганы аныкталган. 

“Дубайдан келгендер карантиндик эреженин баарын кынтыксыз аткарышкан. Кечээ акимиат кызматкеринен анализ алынып, натыйжада COVID-19 жукканы тастыкталган жок. Ал эми чет өлкөгө барып келген аялдын анализи азырынча чыга элек”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, райондук администрацияда иштеген бардык кызматкерлердин анализи алынган. Алардын жыйынтыгы жакынкы арада чыгат. Жеринде медиктер, милиционерлер жана ӨКМ кызматкерлери иш алып барууда.

Акимиаттын имаратынын ичине керебет жана башка керектүү буюмдар киргизилип, тамак-аш уюштурулган.

sputnik.kg