Кыргыз-өзбек актерлору тартылган "Делбирим" тасмасынын трейлери чыкты

21 ноября 2018 Кыргыз-өзбек актерлору тартылган "Делбирим" тасмасынын трейлери чыкты

Кыргыз-өзбек киночулары биргелешип тарткан "Делбирим" тасмасынын трейлери жарыкка чыкты. Аны кинонун Кыргызстандагы продюсери Паризат Жакыпбекова Facebook баракчасына жарыялады.

Жарыяланган трейлерде Илияс менен Аселдин алгачкы жолугушуусу, Ысык-Көлдүн жээгиндеги сырдашуусу жана Кадичанын аны кызганып жаткан учуру тартууланган. Ошондой эле Аселдин Байтемирдин үйүнө барып түтүн булатып калган ирмемдери да көрсөтүлөт.

 

Илястын ролун белгилүү актер Адиз Ражапов, Байтемирди Улугбек Кадыров ойноду. Эки актер тең Өзбекстандан. Аселдин образын Кыргыз улуттук драма театрынын актрисасы Мадина Талипбек жаратса, Кадичаны Элина Абай кызы аткарды.

Кинонун Өзбекстандагы бет ачары 16-ноябрь күнү Ташкентте болгон. Ал эми Кыргызстандагы көрүүчүлөргө 6-декабрдан баштап тартуулана баштайт. Премьерасы 5-декабрда Бишкекте өткөрүлөт.

Аталган фильм залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Делбирим" повестинин негизинде экрандаштырылган. Хронометраж 1 саат 40 мүнөт, анын негизги бөлүгү Өзбекстандын Ташкент жана Наманган шаарларында, акыркы эпизоддору Кыргызстандын Балыкчы шаарында, Ысык-Көлдүн жээгинде тартылган.

Тасманы "Өзбеккино" улуттук агенттиги менен Кыргызстандын "Дан" продюсердик борбору биргелешип тартты. Фильм кыргыз жана өзбек тилдеринде көрсөтүлөт.



Дагы: sputnik.kg, фото-© Нурмухамед Абдыкалык уулу