Коронавирус жуктурган ноокаттык үч аял Кувейт аркылуу келген

20 марта 2020 Коронавирус жуктурган ноокаттык үч аял Кувейт аркылуу келген

Бүгүн эртең менен маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Ноокаттын үч тургуну вирус жуктурганын маалымдаган.

Коронавирус жуктурган кыргызстандыктар Сауд Аравиясынан Кувейт аркылуу Ошко келишкен. Бул туурасында вице-премьер Алтынай Өмүрбекова парламенттин көпчүлүк коалициясына отчет берип жатып билдирди.

Анын айтымында, үчөө тең кичи ажылыктан келген.

"Вирус жуктургандар үчөө тең аялдар. Алар Ноокаттын эки айылынан болот. Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып кайра Кувейт аркылуу түз Ошко түшкөн. Үчөө эки башка учак менен келишкен", — деди Өмүрбекова.

Кыргызстандагы коронавирус

Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталды. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Ал эми бүгүн, 20-мартта, умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болду. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Сузак жана Ноокат райондоруна өзгөчө кырдаал киргизилди.

sputnik