Сауд Аравиясы Кыргызстандан кой-козу сатып алат

21 ноября 2018 Сауд Аравиясы Кыргызстандан кой-козу сатып алат

Ушу тапта карантиндик аймак куруу боюнча аракеттер көрүлүүдө.

Учурда Сауд Аравиясы Кыргызстандан кой, козуларды тирүү алып кетүү боюнча карантиндик аймак курууга бир миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев билдирди.

 

Учурда депутаттар "2018-жылдын 3-апрелинде Тунис шаарында кол коюлган "Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү, карантиндик зона куруу жана жабдуу" долбоору боюнча Кыргызстан менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамдын долбоорун карап жатышат. Келишимдин долбоору үчүнчү окууга киргизилүүдө.

Депутат Зиядин Жамалдинов малды тирүүлөй эмес, бул жактан союп экспорттосо болбойбу деп суроо салды.

Аталган маселе боюнча чакырылгандар Сауд Аравиясы ушундай шарт койгонун айтып, алар кой-козуларды учак менен ташый турганын маалымдашып, карантинтик аймакты аэропортко жакын жерге курууну талап кылышканын белгиледи.

Чодуев учурда карантиндик аймак куруу үчүн Чүй облусунун Жаңы-Жер аймагынан үч гектарга жакын жер берилип, азыр ал каралып жатканын кошумчалады.

Ошондой эле учурда жумасына 40 тоннага чейин Кыргызстандын эти Иранга сатылып жатканын билдирди.



Дагы: sputnik.kg, фото © AFP 2018 / Vyacheslav Oseledko