Коронавируска дагы үч адам шектелүүдө

19 марта 2020 Коронавируска дагы үч адам шектелүүдө

Министрдин айтымында, Жалал-Абад облустук ооруканасына алты киши жаткырылган. Алардын ичинен үчөө жуктуруп алгандар болсо, калган үчөөндө клиникалык белгилер байкалууда.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун клиникалык белгилери бар дагы үч адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев брифингде билдирди.

Эске салсак, Кыргызстанда кечээ, 18-мартта, коронавирус биринчи жолу үч адамга жукканы аныкталган. Жарандардын бардыгы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Мындан улам Сузак районуна өзгөчө кырдаал киргизилген. 

Министрдин айтымында, Жалал-Абад облустук ооруканасына алты киши жаткырылган. Алардын ичинен үчөө жуктуруп алгандар болсо, калган үчөөндө клиникалык белгилер байкалууда. Бирок экөөнүн анализи азырынча таза чыкты. Бир аялдыкы азырынча белгисиз.

sputnik