ЖК депутаттарынын ар биринин столуна антисептик коюлду. Сүрөт

19 марта 2020 ЖК депутаттарынын ар биринин столуна антисептик коюлду. Сүрөт

Учурда депутаттар коронавирус боюнча өлкөдөгү кырдаал тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин маалыматын угуп жатат.

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын ар биринин столуна антисептик каражаты коюлду. 

Учурда депутаттар коронавирус боюнча өлкөдөгү кырдаал тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин маалыматын угуп жатат. Жыйынга өкмөт мүчөлөрүнүн баары чакырылган.

Саламаттык сактоо министри коронавирустан коргонуу үчүн антисептик колдонууну, колду тез-тез жууп турууну, эл көп чогулган жерден оолак болууну сунуштоодо.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус үч адамга жукканы аныкталды. Жарандардын бардыгы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Учурда Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө жатышат. Абалдары туруктуу экени айтылды.

Бүгүн, 19-мартка карата COVID-19 жуктурган жаңы фактылар катталган жок.

sputnik