18 марта 2020
Сузактын үч тургуну менен байланышта болгон адамдар алардын тууганы болгон. Учурда алардын аты-жөнү такталды.
Коронавирус жуктуруп алган Сузактын жашоочуларын аэропорттон Чүй облусунун беш жашоочусу тосуп алган. Учурда алар изделип жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, Сузактын үч тургуну менен байланышта болгон адамдардын аты-жөнү такталып, Чүй облусуна жиберилди.
"Чүйлүк беш киши коронавирус жуктуруп алгандардын туугандары экени аныкталды. Алар менен Чүй облустук штабы иш алып барат", - деди Мирзахмедов.