Диетологдор чыккан курсактан арылуунун жөнөкөй жолун сунуштады

21 ноября 2018 Диетологдор чыккан курсактан арылуунун жөнөкөй жолун сунуштады

Диетологдор эң биринчи кезекте шекерден баш тартуу керектигин эскертишет.

Адистер салаңдаган курсакты жок кылам дегендер биринчи кезекте шекерден баш тартышы керектигин сунуштайт. Аны аткаргандардын денесиндеги кан айлануу активдешип, боордун иштеши жакшырат. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Андан сырткары, адистер протеиндүү диетага, тагыраагы, курамында белок көп тамак-аш менен азыктанууга көңүл бурууну сунуштайт. Эгерде кимде-ким бул эрежени аткарса, күнүнө ашыкча 440 калорий алуудан баш тарткан болот.

 

Ошондой эле көк чай ичүү кажет, анын курамында антиоксиданттар менен ден соолукка пайдалуу заттар бар. Ал метаболизмдин жалпы абалына жакшы таасир берет. Ошол эле учурда көк чайды дагы чеги менен ичүү керек, анткени анда кофеиндин көлөмү жогору.

Курсакты кетирүүнүн дагы бир жакшы жолу курамында клетчатка көп тамактарды жеш керек. Ал адамды көпкө ток кармап жүрөт жана ашыкча тамак ичип алуудан сактайт.

Диетологдор дене тарбия көнүгүүлөрүн жасаганды унутпоо керектигин да эскертет.



Дагы: sputnik.kg, фото-© AP/ Rogelio V. Solis