Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар мекенине кандай жол менен келе алат? ТИМдин жообу

18 марта 2020 Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар мекенине кандай жол менен келе алат? ТИМдин жообу

Соңку маалымат боюнча, Гоада, Шри-Ланка сыяктуу өлкөлөрдө 200дөн ашуун кыргызстандык турист бар. Алар Алматы аркылуу учуп келишмек.

Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар мекенине кайтып келүүнү кааласа алып келүү жолу каралат. Бул туурасында тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдырахманов билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан чет өлкөнүн жарандарын өлкөгө киргизүүгө тыюу салды. Ал эми Кыргызстандын жарандары тоскоолдуксуз кире алат. Ушундай эле чектөөлөр башка мамлекеттерде дагы киргизилген.

Ошондой эле Кыргызстан чет өлкөлөр менен бир нече авиакаттамдарын токтотту. Мындан улам Sputnik Кыргызстандын кабарчысы мекенине кайтууну каалаган жарандар кандай жол менен келерин сурады.

"Чет өлкөдөгү жарандар кайтууну кааласа элчиликке, консулдукка кайрылышы шарт. Бардык чек аралар жабылгандыктан азыр эч ким кирип-чыга албайт. Биз учурда жол-жобосун карап жатабыз. Эгер кайрылгандар көп болсо атайын рейстерди уюштурабыз", — деди Абдырахманов.

Ошондой эле чет өлкөдө жайгашкан Кыргызстандын жарандарында коронавирус аныкталбаганын белгиледи. Анын айтымында, социалдык тармактарга чыккан "БАЭде Кыргызстандын жараны вирус жуктурган" деген маалымат такталган эмес.

Ал эми ТИМдин Консулдук департаментинин жетекчисинин орун басары Муса Көчөрбаев соңку маалымат боюнча Гоада, Шри-Ланка сыяктуу өлкөлөрдө 200дөн ашуун кыргызстандык турист жүргөнүн айтты. Алар Алматы аркылуу учуп келишмек. Бул маселени да чечүү каралууда.

sputnik