Коронавирус аныкталган кыргызстандыктар "Манас" аэропортуна конгон

18 марта 2020 Коронавирус аныкталган кыргызстандыктар "Манас" аэропортуна конгон

Буга чейин коронавирус жуктургандар менен бир учакта келген 90 киши изоляцияга алынып, дагы 45и изделип жатканы айтылган эле.

Коронавирус жуктуруп алганы аныкталган үч кыргызстандык 12-март күнү саат 20.57де "Манас" эл аралык аэропортуна конушкан. Бул тууралуу Коронавирусту алдын алуу боюнча ыкчам штабдан кабарлашты.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган үч адам аныкталды. Алар 12-мартта Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келишкен. Азыр алар Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүнө жаткырылды.

"Коронавирус табылган үч жаран "Эйр Арабия" компаниясы аткарган чартердик каттам менен 12-мартта "Манас" аэропортуна учуп келишкен. Бортто 135 жүргүнчү болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

sputnik