Баткенде умрадан келген 8 киши карантинде кармалууда

18 марта 2020 Баткенде умрадан келген 8 киши карантинде кармалууда

Бүгүн коронавирус жуктуруп алган алгачкы үч адам тууралуу белгилүү болду. Алар азыр Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө.

Бүгүнкү күндө Баткенде Сауд Аравияга умрага барып келген сегиз киши карантинде кармалууда. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен районунда жети, Кадамжай районунда бир адам ооруканада. Алардан анализ алынып, коронавирустун белгилери табылган эмес.

Облус жетекчиси Алишер Абдрахманов тиешелүү жетекчилерди чогултуп, карантинге алынган адамдардын абалын текшерүүгө алуу, жакындары менен байланышына тыюу салууга милдеттендирди. Мындан тышкары, бардык медициналык жардамдарды көрсөтүү, алардын жашаган үй-жайын, коомдук жайларды, транспортторду дезинфекциялоо тапшырылды.

Баткен облусунда учурда азык-түлүк, медициналык каражаттар, дары-дармектер боюнча тартыштык жок.

sputnik