Коңшу мамлекеттин Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, илдетти жуктурган бөбөк Берлин — Минск — Алматы рейси менен келген.
Казакстанда эки жашар бөбөктөн коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан кабарлады.
Коңшу мамлекеттин Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, вирусту жуктурган бөбөк Берлин — Минск — Алматы рейси менен келген. Ал Алматы шаарындагы балдардын жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган.
Эки жашар бөбөктөн тышкары, коңшу мамлекетте коронавирус аныкталган дагы эки учур катталды. Илдетке кабылгандардын бири 10-мартта Москвадан келген 50 жаштагы киши болсо, экинчиси ошол эле шаардан келген 60 жаштагы эркек адам болуп чыкты.
Акыркы үч учурду кошкондо Казакстанда 13 адамдын коронавируска чалдыкканы маалым болду.