Коронавирустун тездик менен тарап жаткан себеби айтылды

17 марта 2020 Коронавирустун тездик менен тарап жаткан себеби айтылды

Адистердин айтымында, эгер жаңы коронавирус 2009-жылдагы H1N1 пандемиялык сасык тумоонун модели менен кете турган болсо, ал бүткүл ааламга тарап, адамдар арасында бешинчи эндемиялык коронавирус болот.

Америкалык окумуштуулардын жаңы изилдөөлөрүнө ылайык, Кытайда жаңы типтеги коронавирустун бат тарашына бейтаптардын көбүндө оорунун симптомдору көп убакыт билинбей жүрө берип, кийинчерээк кабар бериши себеп. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы Science журналына жарыяланганын РИА Новости жазды.

Окумуштуулар вирустун очогу чыккан Кытайдын Ухань аймагына ушул жылдын 23-январынан тарта гана кирип-чыгууга чектөө киргизилгенин эске салышты. Кытайда COVID-19 менен ооругандардын кыймыл-аракети катталган маалыматтарды математикалык моделдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, ары-бери өткөн элдин 86 пайызы документтештирилген эмес. Вирус ушундан улам да тез арада жайылып кеткен.

Адистердин айтымында, бул бүтүм вирустун жайылыш темпин жана жугушун түшүнүү үчүн маанилүү. Алар илдет ойлогондон да көп кишинин ден соолугун алганын белгилешкен.

Окумуштуулардын маалыматы боюнча, дарттын симптомдору жок жүргөн жалпы бейтаптар 55 пайызды түзөт. 79 пайызында вирусту алып жүрүүчүлөр ооруну жуктурган болушу мүмкүн болуп эсептелинет.

Кытай бийлиги 2020-жылдын 23-январынан тарта оорунун тарашын көзөмөлдөө чараларын көрүп, калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин вирустун жайылышы төмөндөй баштаган.

Авторлор медициналык жардам алганы барган адамдардын документтерине өзгөртүү киргизүү керектигин белгилеген. Ошондой эле кирип-чыгууларды чектөө жана калкка маалымат берүү чаралары эффективдүү экендигин кошумчалаган.

"Эпимедия тууралуу кабардар кылуу, жеке гигиена үчүн каражаттарды колдонуу жана бир жакка барбай туруу инфекция менен күрөшүүгө жардамын берди. Бирок ушул эле эрежелер ооруну токтотууга жардам берери арсар. Эгер жаңы коронавирус 2009-жылдагы H1N1 пандемиялык сасык тумоонун модели менен кете турган болсо, ал бүткүл ааламга тарап, адамдар арасында бешинчи эндемиялык коронавирус болот", — деген иликтөөнүн жетекчиси Жеффри Шаман.

17-март, эртең мененки маалыматка ылайык, коронавирус менен ооругандардын саны 182 405ке жетип, 7 154 адам көз жумду. Ал эми айыккан бейтаптардын саны 79 433.

sputnik