28 жолу бычактаган: мектеп окуучусу кызганычтын айынан 3 жаштагы инисин өлтүрдү

16 марта 2020 28 жолу бычактаган: мектеп окуучусу кызганычтын айынан 3 жаштагы инисин өлтүрдү

Германияда 15 жаштагы кыз кызганычтан үч жаштагы инисин бычактап, анын каны менен энесине билдирүү калтырган.

Энеси үйдө жок кезде эжесинен инисин карап турууну өтүнгөн. Бала уктап жатканда эжеси аны бычак менен 28 жолу сайып, андан кийин качып кетет. Полиция кызды үйдөн 10 чакырым алыстыктан табылган.

Полициянын маалыматы боюнча, кыз каршы болбой, колго түшүп берген. Күнөсүн да мойнуна алган.

Кыз иниси туулгандан кийин өзүн четте калгандай сезип, энесин инисинен кызганып жүргөн. Кыз эми 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн.