Диетологдор: канттын ордуна колдонулчу заттар арыктатпайт

16 марта 2020 Диетологдор: канттын ордуна колдонулчу заттар арыктатпайт

Адистердин айтымында, канттан толугу менен баш тартуу кыйын. Аны алмаштырчу заттарды туура, ченеми менен колдонсо гана максатка акырындап жеткирет.

Калориясы аз деп эсептелип канттын ордуна колдонулган сахарин, цикламат, аспартам, сукралоза, асцесульфам К, стевия заттарынын арыктатчу касиети жок. Бул тууралуу испаниялык диетологдорго таянуу менен РИА Новости жазды.

SinAzucar.org (испан тилинен "кантсыз" деп которулат — ред.) долбоорунун түзүүчүсү Антонио Родригестин айтымында, уруксат берилген мындай заттар туура жана канттан бара-бара баш тартуу үчүн пайдаланылса зыянсыз. Бирок арыктоо үчүн алар жардам бербейт, диета кармоо оң.

"Йогурттун же буламыктын даамын чыгаруу үчүн жер-жемиш, мисалы, банан кошуп алуу туура", — деген дагы бир диетолог Мигел Лопес Морено.

Ал көпчүлүккө белгилүү болгон сахарин, цикламат, аспартам, сукралоза, асцесульфам К, стевия заттарынын баары химиялык реакциянын негизинде алынарын белгилеген.

Диетологдордун айтымында, канттан толугу менен баш тартуу кыйын. Аны алмаштырчу заттарды туура, ченеми менен колдонсо максатка акырындап жеткирет. Эксперттер кээде адамдар калориясы аз тамактар пайдалуу деп эсептеп, өзүн андан чектебей калып зыянга учураганын эскертишти.

sputnik