Финпол азык-түлүктү кымбаттаткан ишкерлерге кылмыш ишин козгоду

15 марта 2020 Финпол азык-түлүктү кымбаттаткан ишкерлерге кылмыш ишин козгоду

Финполдун маалыматы боюнча, мекеменин алдында жумушчу топ түзүлүп, массалык сатуу алуулар болуп жаткан жерлерге күнү-түнү барып, бааларды көзөмөлдөмөй болушту.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы алып сатарлык менен алектенген бир катар ишкерлерге карата сотко чейинки өндүрүштөрдү баштады. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин өкмөт кечээ айрым базарларда жана супермаркеттерде азык-түлүк массалык түрдө сатып алынганын, бул коронавирус коркунучуна байланыштуу экендигин айткан. Бирок муну жоопкерчиликсиз жана керт башынын камын ойлогон ишкерлер жеке кызыкчылыгына пайдаланып жатышкандыгын белгилешкен.

Финполдун маалыматы боюнча, мекеменин алдында жумушчу топ түзүлүп, массалык сатып алуулар болуп жаткан жерлерге күнү-түнү барып, бааларды көзөмөлдөмөй болушту.

Бүгүн кызматкерлер шаардагы Көлмө конушуна барып 100 миң сомго атайын соода кылышкан. Анда орточо баасы 1200-1500 сом делген бир кап унду 1800 сомго алышкан.

Акыркы суткада алып сатарлык менен алектенген бир катар ишкерлерге Жазык кодексинин 216-беренеси ("Монополиялык аракет жана атаандаштыкты чектөө") менен соттук өндүрүш башталган.

sputnik