Дарыгер вирус менен күрөшүүгө жардам берген азыктарды атады

13 марта 2020 Дарыгер вирус менен күрөшүүгө жардам берген азыктарды атады

Бактерия, вирус менен жакшы күрөшкөн азыктардын алдыңкы сабында сарымсак турат. Е витаминине бай миндаль да иммундук системаны жакшыртат. Кара моюл болсо дем алуу органдарын коргойт.

Испаниянын медиктери кара моюл (черника — ред.) менен сарымсакты көбүрөөк колдонуу иммунитетти көтөрүүгө жардам берерин айтышты. Бул тууралуу La Vanguardia гезитине таянып, Sputnik радиосу билдирди.

Маалыматка ылайык, бактерия, вирус менен жакшы күрөшкөн азыктардын алдыңкы сабында сарымсак турат. Е витаминине бай бадам да иммундук системаны жакшыртат. Кара моюл болсо дем алуу органдарын коргойт.

Мындан сырткары, дарыгерлер тооктун же үндүктүн шорпосун көп ичүүнү сунушташты. Таттуу картошкада (батат — ред.) бета-каротин витамини болсо, брокколи витамин, минерал, клечаткага бай.

Тизмеде козу карын, кара шоколад, цитрус, анар, киви, шпинат бар. Деңиз жана дан азыктары да витаминдүү келет.

Иммунитетти бекемдөөгө имбирь жана куркума жардам берет. Суусундуктардан кефир менен көк чай миңдин бири экени айтылды.

sputnik