Мектептер менен университеттер карантинге жабылабы? Министрликтин жообу

13 марта 2020 Мектептер менен университеттер карантинге жабылабы? Министрликтин жообу

11-март күнү кечке маал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө жүзү боюнча коронавирус пандемиясын жарыялаган. Мындан соң депутаттар парламенттин жалпы жыйынында студенттер менен окуучуларды мөөнөтүнөн мурда каникулга таратууну сунуштаган.

Кыргызстандын мектептерин жана жогорку окуу жайларын коронавирустун айынан карантинге жабууга негиз жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

"Учурда окуучулар менен студенттер сабактарга активдүү катышууда. Күн сайын окууга келгендердин саны 95 пайыздын тегерегинде болуп жатат. Шарт боюнча билим алуучулардын 25 пайызы сабакка келбей калганда гана карантин жарыяланат", — деп түшүндүрдү Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директору Нурила Алтымышева.

Ал кошумчалагандай, учурда өлкө аймагында COVID-19 вирусун алдын алуу боюнча жетиштүү аракеттер көрүлүүдө. Анын үстүнө вирус пайда болгон Кытайдын өзүндө абал турукташа баштады.

Эске салсак, 11-март күнү кечке маал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө жүзү боюнча коронавирус пандемиясын жарыялаган. Мындан улам депутаттар парламенттин жалпы жыйынында студенттер менен окуучуларды мөөнөтүнөн мурда каникулга таратууну сунуштаган болчу.

Белгилей кетсек, коңшу Казакстан мектеп окуучуларынын каникулун бир нече күнгө узартып, студенттерди дистанциялык окууга өткөрүүнү пландап жатат. Мындан тышкары, Түркияда, Францияда студенттерlby каникулга чыкканы айтылууда.

sputnik