Бүгүнкү күндө дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 126 миңден ашты. Андан 4700 адам көз жумса, 68 миңден ашууну сакайып кетти.
Ушул тапта Кыргызстанда коронавирус боюнча 303 киши медициналык жайларда, 181 киши үй карантининде турат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйында билдирди.
"Жалпысынан бүгүнкү күндө 1545 киши коронавируска анализ тапшырып, бардыгы таза чыкты. Учурда Кыргызстанда коронавирус жок", — деди министр.
Анын айтымында, Кыргызстанда иштеп жаткан лабораториялар жана андагы тесттердин баары дүйнөлүк стандартка жооп берет.
"Учурда коронавирусту аныктоо боюнча алты лаборатория иштеп жатат. Алардын ар бири күнүнө 150 анализ жасай алат. Тесттер жетиштүү, азырынча Россия, Түркиядан жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы менен келүүдө. Тесттердин тактыгы 95-99 пайыз. Бул өтө жогорку тактык болуп эсептелет", — деди министр.
Маалыматка караганда, ушул тапта өлкө боюнча бир нече оорукана жана аларда 500дөн ашык орун резервде турат. Оорулууларды кабыл алчу негизги жай — Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы. Андан тышкары, Ош облустук бириктирилген ооруканасы да ыңгайлашкан. Ошондой эле аймактардагы ооруканаларда жогорку даярдыкта иштечү атайын бөлүмдөр бар.
Бүгүнкү күндө дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 126 миңден ашты. Андан 4700 адам көз жумса, 68 миңден ашууну сакайып кетти.