Эң жеңил (52 кг) салмактагы чемпион Вэйли Чжан өткөн дем алыш күнү биринчи жолу титулун коргоп, жеңишке жетти. Салмактык категориясына карабай Чжан UFC уюмунун рейтингинде Шевченкодон бир сапка жогорулаган.
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC уюмунун мыкты мушкерлеринин жаңыланган рейтингинде бир тепкичке төмөндөдү.
Жаңы тизме Лас-Вегаста өткөн UFC 248 турниринин жыйынтыгы менен кошо уюмдун расмий сайтына жарыяланды.
Лас-Вегаста өткөн турнирде эң жеңил (52 кг) салмактагы чемпион Вэйли Чжан титулун биринчи ирет коргоп, каршылашы, польшалык Йоанна Еджейчикти жеңген. Бул жеңиши менен ал рейтингде бир сапка жогорулап, Шевченкону (57 кг) артка калтырды.
Белгилей кетсек, Кыргызстандан чыккан чемпион акыркы жолу титулун февраль айында коргогон. Анда Шевченко каршылашы Кэтлин Чукагянды үчүнчү раундда нокаут менен жеңип алган. Муну менен мушкер кыз үчүнчү ирет титулун татыктуу коргоп алган.