Депутаттар студент, окуучуларды бир айга каникулга таратууну сунуштады

12 марта 2020 Депутаттар студент, окуучуларды бир айга каникулга таратууну сунуштады

Бүгүн эл өкүлдөрү коронавирустан улам билим берүү мекемелерин жабуу, той-аштарды токтотуу маселесин көтөрүүдө.

Депутат Бактыбек Турусбеков парламенттин жалпы жыйынында коронавирус кооптуулугунан улам студенттер менен окуучуларды мөөнөтүнөн мурда каникулга таратууну сунуштады.

Эл өкүлү, мындан сырткары, той-аштарды өткөрүүгө да тыюу салуу керектигин белгиледи.

"Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнөгө каранавирус пандемиясын жарыялап, кескин чараларды көрүп жатат. Америка Европа менен болгон авиакаттамдарын токтотту. Буга байланыштуу биз да коргонуу чараларын күчөтүп, студенттер менен окуучуларды мөөнөтүнөн мурда каникулга таратууну сунуштайм. Калган сабактарды жайкы каникул учурунда улантса болот. Биз 500-700 адам чакырып той-мааракелерди өткөрүп, бири-бири менен кучакташып, өбүшүп, конверт менен кол алышабыз. Муну дагы токтотушубуз керек", — деди Турусбеков.

Мындан сырткары, депутат Тазабек Икрамов дагы ушул маселени көтөрүп, 15-марттан 15-апрелге чейин билим берүү мекемелерин жабууну сунуштады.

Белгилей кетсек, буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги 21-марттан 30-мартка чейин Кыргызстандын мектептери жазгы каникулга тарай турганын айткан.

sputnik