Чөк түшүп отуруу ден соолукка пайдалуу. Окумуштуулардын иликтөөсү

12 марта 2020 Чөк түшүп отуруу ден соолукка пайдалуу. Окумуштуулардын иликтөөсү

Окумуштуулар иликтөө үчүн Африкадагы хадза уруусундагылардын жашоосуна байкоо жүргүзүшкөн. Аларда жүрөк-кан тамыр оорулары жана зат алмашуудагы көйгөйлөр азыраак байкалган.

Америкалык окумуштуулар чөк түшүп же тизелеп отуруу ден соолукка бир топ пайдалуу экендигин билдиришти. Иликтөөнүн жыйынтыгы Proceedings of the National Academy of Sciences журналына жарыяланды.

Адистер мындай тыянакка Африкадагы хадза уруусундагы мергенчи-жыйноочулардын жашоосуна байкоо жүргүзгөндөн кийин келген. Алардын турмуштук образы илгерки адамдардын жашоосун эске салары айтылат.

Иликтөө учурунда ыктыярчылар кыймыл-аракетин жана эс алуусун ченеген атайын каражатты тагып жүрүшкөн. Натыйжада хадза уруусундагылар өнүккөн мамлекеттердин жашоочулары сыяктуу эле 9-10 саат отуруп убакыт өткөрөрү аныкталган. Бирок аларда мындай жашоо образынан улам ар кандай өнөкөт оорулардын белгилери байкалган эмес. Бул хадза уруусундагылардын тизелеп отура тургандыгы менен байланыштуу болгон. Чөк түшүп отурганда булчуңдар көбүрөөк кыймылга келип, кан жүгүрүп турары белгиленет. Ошондой эле аталган уруунун адамдарында жүрөк-кан тамыр оорулары жана зат алмашуудагы көйгөйлөр азыраак байкалгандыгы айтылат.

Иликтөөнүн авторлору ири шаарлардын жашоочуларын тизелеп отуруп иштөөгө же эс алууга чакырган эмес, бирок илдетти алдын алуу үчүн кыймылдап, көнүгүүлөрдү жасап турууну сунушташкан.

sputnik