Күн ачык болот. Дем алыш күндөргө карата аба ырайы

12 марта 2020 Күн ачык болот. Дем алыш күндөргө карата аба ырайы

Апта аягында көпчүлүк аймактарда күндүн табы көтөрүлөт. Айрым жерлерде абанын температурасы 23 градуска чейин жетет.

Дем алыш күндөрү өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Ишемби, 14-мартта, Чүй, Талас облустарында абанын температурасы түнкүсүн 0...5, күндүз 14...19 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20 градуска чейин жылыйт. Нарын, Ысык-Көл аймактарында түнкүсүн 5...0 градус суук болсо, күндүз 5...10 градуска жылыйт. Бишкекте күн ачык болуп, түнкүсүн абанын температурасы 2...4, күндүз 17...19 градуска жетет.

Жекшемби, 15-мартта, абанын температурасы жогорулайт. Чүйдө түнкүсүн 1...6, күндүз 17...22 градуска чейин жылуу болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 2...7, күндүз 18...23 градуска жылыйт. Нарын жана Ысык-Көл облустарында түнкүсүн -4...0 градус суук болсо, күндүз 5...10 градус жылуу болушу күтүлүүдө. Бишкек шаарында түнкүсүн 3...5 градус, күндүз 20...22 градус жылуу болот.

Дем алыш күндөрү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 5-10 метрге чейин жетиши мүмкүн.

sputnik