Ирандын аймагында 62 айдоочу кармалып турат. Алар чек арадан өтүүгө жетишпей калышканы маалым.
Иранда калган кыргызстандык айдоочулар үчүн Азербайжан транзиттик коридор ачып бермей болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда алыска жүк ташыган айдоочулардын видеосу чыгып, коронавирустан улам Ирандан чыга албай калышканын, тамак-ашы менен күйүүчү майы түгөнгөнүн айтышкан. Азербайжан менен чектешкен Астара шаарында дагы 18 айдоочу бар экени маалым болгон.
ТИМ ушу тапта Иранда иран-түркмөн жана иран-азербайжан чек арасынан өтө албай калган 62 айдоочунун кармалып турганын аныктап чыкты.
"9-мартка карата иран-азербайжан чек арасында 23 жүк ташуучу унаа турган. 9-11-март күндөрү "Астара" пунктунан 11 автоунаа өттү. Ал эми калган 12 айдоочу машиналары менен паспорт-бажы көзөмөлүнөн өтүп жатышат", — деп айтылат маалыматта.
Тышкы иштер министрлиги менен Кыргызстандын Баку жана Тегерандагы элчилиги кыргызстандык айдоочулардын маселесине көз салып турушат.
Ал эми 7-март күнү Ирандагы элчиликтин кызматкерлери иран-түркмөн чек арасындагы "Серахс" жана "Люфтабад" көзөмөл пункттарына чыгып кетишкен. Алар айдоочуларга укуктук жактан жардам берип, байланышта иштеп жатышат.
Белгилей кетсек, коронавирустун жайылуу кооптуулугунан улам Азербайжан 29-февралдан тарта Иран менен чек арасын эки жумага жапкан.