Долларсыз дүйнө. Евразиянын соодасы жана каржысы трансформация алдында турат

20 ноября 2018

Дүйнө доллардан чарчады. Бирок, андан тездик менен баш тарта албай келет. Кантсе да, Орусия жана башка өлкөлөр американын валютасына сыртка чыгуусун көрсөтүп жатышат жана мындан жыйынтык чыгаруу керек. Евразияда акырында долларды колдонуу кыскарып баратат, ал эми доллар менен соодалашуу мөөнөтү өтүп баратат. Жаңы валюталык реалдуулук кандай болот. Бул тууралуу өз макаласында Жаңы коом институтунун саясий экономикалык борборунун жетекчиси Василий Колташов сөз кылган.

Баары жөнөкөй: Москвада “санкциялык согуш” себеби боюнча америкалык валютаны соодада колдонуудан жана резервде сактоодон акырындап баш тартуу боюнча пландар талкууланып жатат. АКШда чаралардын жаңы пакети тууралуу айтышты, бирок Конгресс чечим кабыл албай каникулга тарап кетти. Кандай болсо да жаңы америкалык санкциялар боло тургандай. Муну баары түшүнөт. Жакында эле Bloomberg агенттиги мындай деп билдирди: орусиялык бизнес өзүнүн активдерин Орусияга кайтарып жатат, катарда ири банктар же ЕБдагы кредитор банктар бар. Ушул себептен макаланын автору ушул көрүнбөгөн фактты батыш прессасындагы туруктуу кайталоо “Петров жана Боширов” айкалышын байланыштырып койгон. Ал ортодо, бир эле жаңы санкциялардын коркунучу Орусиядагы финансылык өзгөрүүнү же алардын долбоорлорун аныктабайт. Иш кыйла терең экономикалык өзгөрүүлөрдө.        

2008-2009-жылдары АКШнын финансы системасы каатчылыкка учураган. Америка глобалдуу экономикалык каатчылыктын эпицентри болуп калган, бул көпчүлүк банктардын кыйроосуна алып келип, экономиканын терең кулоосуна негиз болмок, аны менен балким доллардын курсунун төмөндөөсүнө алып келмек. АКШнын жана ФРСнын бийлиги каттчылыктын өнүгүүсүн токтотууга аракет кылышкан. Вашингтон ар кандай жардам алууга даяр болгон. Башка өлкөлөрдүн өкмөтү жана борбордук банктары АКШнын финансылык тең салмактуулугун калыбына келтирүү үчүн бардык мүмкүн болгон нерселерди жасашкан. Каатчылыктын кооптуу учурларын жок кылуу менен дүйнөлүк экономиканын өсүшүн калыбына келтирүүнү камсыз кылабыз деп ойлошкон. Бул өсүштү көпчүлүк аналитиктер айтышкан, бирок ал мурдагыдай активдүү болбойт деп эскертишкен. Бул сөздөр эч кимди ойлондурган эмес.

Көйгөй жалпынын аракети менен баштапкы позициясына кайтып келгендигинде эле. Мына ошондуктан, жандануу жана өсүүнүн артынан 2009-2012-жылдары жаңы – каттчылыктын экинчи толкуну келди.

Экинчи толкундун негизги соккусу БРИКС өлкөлөрүнүн экономикасына туура келди. Бирок, Вашингтион аларга жардамга келген жок. Доллар дүйнөнүн ири “жаш” экономикасынын жана аларга кошулган кичинекей рыногу бар өлкөлөрдүн көйгөйлөрүнөн утушка гана жетишти. АКШ каатчылыктын экинчи толкунун башынан өткөргөн жок. Алардын каржы чөйрөсү көп нерсе ээ болду. Башка өлкөлрдүн валюталарынын девольвациясы америкалык корпорацияларга акча иштеп алууга мүмкүнчүлүк берди, алардын акциясы мындай фондо кыйла өсүшкө жетишти. “Бул биздин көйгөйлөр”, - деген сыяктуу айтып жатышты АКШнын саясатчылары. Алар ага чейин G20нын алкагында колдоону сунаранып, ага ээ болуп жатышкан эле.

Ал эми Кытайдын өндүрүшүнүн өсүүсүнө, же Орусиянын, Бразилиянын курулушунун өсүүсүнө кредиттик түрткү берүүсүз, каатчылыктын биринчи толкунунан чыгуу америкалык ири бизнес үчүн жана мамлекет үчүн жеңил болмок эмес. анда АКШнын өкмөтүнүн карыздык кагазадарын сатып алууда мааниге ээ болгон, алар тууралуу түрдүү өлкөлөрдүн либералдык экономисттери: дүйнөдө бекем эч нерсе жок, ал эми төмөн киреше доллардын туюнтмада болгондугу менен компенсацияланат деп айтып чыгышкан.  

Бирок, Вашингтон бур эле колдоодон баш тарткан жок. Джордж Сорос жана башка финансылык ыкызыл кылактар юанга жана башка валюталарга каршы ойношкон. Орусияга карата АКШнын аракети эң катаал болду.

Украинаны мүмкүн болгон Бажы биримдигине катышуудан жана анын ресурстарын алуудан баш тарттыруу үчүн мамлекеттик төңкөрүш уюштурулду. Жыйынтыгында крым Орусиянын курамына кайтып келди, ал эми өлкөнүн башламандыкка толгон чыгышында тынчсыз республикалар пайда болду. Мунун баарына Орусия күнөөлөндү. Европа биримдиги да колдогон “санкциялардын согушу” башталды. АКШ болсо БРИКС өлкөлөрү периферия экономикасынын баштапкы абалына кайтып келиши керек деп эсептеди. Ал жакта өндүрүш арзан болчу, бирок алардын чики рыногу эмес, американын сытып өткөрүү рыногу гана башкы мааниге ээ экенин алар жакшы түшүнүшчү. Бул эсеп акталган жок, бирок Вашингтондогулар Кытай, Бразилия жана Орусия сыяктуу өлкөлөрдү алсыздандырып, чектөө керектигин жакшы түшүнүшчү.

Каатчылыктын экинчи толкуну Бразилиядагы бийликти гана алмаштырууга жетишти. Орусиянын экономикасы кыйла артта калды, бирок АКШнын ишине жакын адамдар бийликке баары бир жетише алган жок. Кытай юандын төмөндөөсүн кармап калды, анткен менен экономиканы түрткүлөө үчүн мурунку жылдардын чоң эмиссиясы ага жол бермек. Юандын алсызданышын башкарып калууга мүмкүн болду, ал эми Шанхай биржасы 2015-жылы кыйроого туш болду.

2016-2018-жылдары дүйнөлүк экономикага туруктуулукту жана жанданууну алып келди. Бирок, каатчылыкытын экинчи толкуну мамлекет жетекчилеринин мурунку жүзүн ачыкка чыгарды. Негизгилердин бири “эркин сооданын” дүйнөсүндөгү өлкөлөрдүн үйүсз биримдигине тиешелүү эле, бардык маанилүү финансылык маселелер боюнча кызматташтык. Дул ушул долларды колдонуу маселесин консенсуска койду. Албетте, 2008-жылы Кошмо Штаттарга дүйнөлүк керектөөнүн 40%ы туура келген жана жаңжалдар мынчалык курч эмес эле, анткени доллар алгылыктуу валюта болчу. Бирок, 2018-жылы баары тескерисинче болуп чыкты. Орусиялык жетекчилик үчүн колддарды колдонууну азайтуу жөнүндө жана “вашингтондун консенсусуна” карама-каршы келген башка чаралар тууралуу маселе маанилүү болуп калды. 

Жакынкы жумада орусиялык министрлер кабинетинин башчысы буга чейин ВТБнын башчысы Андрей Костин тарабынан сунушталган өлкөнүн экономикасын доллардын арылтуу планын бекитиши керек. Ушул план дүйнөдө долларды колдонууну төмөндөтүү жөнүндө өлкөнүн жогорку жетекчилеринин көптөгөн билдирүүлөрүнөн кийин пайда болгон. Бирок, долларга жана ушул валютада эсептешүүгө тыюу салуу жөнүндө сөз болгон жок.

Соодалашуу үчүн авразия өлкөлөрүнүн валюталарын – еврону, юанды жана рублды колдонуп, долларды колдонууну аркырындап азайтуу керектиги болжолдонууда.

Чиновниктер аларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөр пайда болушу керектигин билдиришет. Мунун баары логикага туура келет: долларга одоно чабуул жасоо, жарандардын долларды тартып алуу, депозиттерге, сатууларга тыюу салуу жана башка курч чаралар бизнесте да, калк арасында да, өзгөчө топтогон акчасы бар ортоңку класста да кооптонууну жана кыжырданууну пайда кылышы мүмкүн. Башка өлкөнүн валютасына өтүмдүүлүк алуу үчүн борбордук банктардын өз ара аракеттешүү механизмдерин түзүү башка иш. Долбоору мына ушундайча түзүлөт.

Доллардын туруктуулугу жана популярдуулугу америкалык экономиканын кубатына негизделген эле. 1950-1960-жылдары анын өнүгүүсү күч алат, ал эми салыштырма салмагы чоң болчу. 1971-жылы долларды алтындан чечип салып, аны алсызданткандан кийин деле бул валюта дүйнөдөгү биринчиликти берген жок. АКШ финансы борбору жана башкы сатып өткөрүү рыногу болгон. Баланс башка тарапка оошу үчүн экономикалык өсүүнүн ондогон жылдары таоап кылынды. Бирок, ал ишке ашкан күндө деле американын лидерлигин эч ким танган эмес жана доллардан эч ким баш тарткан эмес. каатчылыкта АКШнын финансы системасын турукташтыруу үчүн колдон келген нерсенин баары жсалган.   

Бирок, эми АКШнын өкмөттүк карызы 21,5 трлн доллардан ашып кеткен учурда, ал эми ИДӨнүн өсүүсү өкмөттүн чыгымдарынын өскөнүнүн (чынында ага да акча жок) эсебинен эле жүрүп жатканда, АКШнын бийлиги өзүнүн саясатын өзгөрттү, доллардан баш тартуу зарыл болуп калды.

Доллар акырындык менен дүйнөлүк колдонууга кирген. 1870-жылдан 1914-жылга чейин ал эң чоң экономиканын валютасы гана болчу. Биринчи дүйнөлүк согуш жана Европанын экономикалык көйгөйлөрү анын кадыр-баркын көтөрдү. Экинчи дүйнөлүк согуш долларды дүйнөнүн башкы валютасы пьедесталына көтөрдү, бул Бреттон-Вуд системасы тарабынан катталган. Азыр күн тартибинде көптөгөн валюталарды реалдуулукка кайтаруу турат, бирок ушул жерде ЕБ жана Кытай өзүнүн валютасы менен долларды алмаштырууга жана сырткы сооданын эсебинен алардын коолдоосуна ээ болууга кызыктар. Дал ушул соода (баалуу кагаздардын рыногун кошкондо) долларга анын туруктуулун камсыз кылып турган.

Эгер эл аралык эсептешүүлөрдө долларды колдонууну азайтса, анда башка валюталар утушка ээ болуп, доллар өзү арзандай баштайт.

Бул процесс АКШ үчүн ички суроо-талаптын кысылышы жана баалуу кагаздар рыногунан капиталдын агымы менен жаман, бул жки себеп боюнча абдан кооптуу. Биринчиден, биржалык кыйроо мүмкүнчүлүгүнөн. Экинчиден, өлкөнүн бир эле учурда борбордук экономикадагы ордун жоготуусу жана ошол эле учурда доллардын баасы түшүп кетиши менен.

Мындай сценарий АКШдагы инфляциянын өсүшү менен ишке ашырылат; реалдуу кирешелердин төмөндөшү доллардын сатып алуу мүмкүнчүлүгүнүн төмөндөшү менен жүрөт. Башкысы, механизм тескери ьагытта иштейт, ошондо азыркыдай башка өлкөлөрдө валютанын алсызданышы, алардын экономикасында шок абал жана көптөн башка нерселер долларга болгон суроо-талапты камсыз кылат, долларды бекемдейт. Кантсе да, улуттук валютада эсептешүүгө өтүү бул жерде тездик менен эч нерсени өзгөртпөйт. Компаниялар үчүнчү тараптар менен келишим түзүү үчүн долларга муктаж болуп жатышат, мисалы жабдуу сатып алуу үчүн. Алар экинчи класстагы рубль сыяктуу валюталарга ишенишпейт. Кичинекей экономикалардын валютасы менен абал андан да начар. Жыйынтыгында акырындап алмаштыруу натыйжа бере алабы? Андай болбой да калышы мүмкүн.

Эл аралык соодалашуу физикалык эмес, номиналдуу гана, бирок ар дайым борбордук банктардын резерви менен камсыз болгон алтынга алмаштырылышы мүмкүн. Бул кадам салыштырмалуу тездик менен доллардын кадамын кыскартышы мүмкүн.

Бир ктар мамлекеттердин борбордук банктары теориялык жактан бөлүштүрүлгөн эмиссиясы бар криптовалюта чыгарышса болмок, бирок бул талкууну жана жамааттык чечимди ээрчүү даярдыгын талап кылат. Алтын менен, тагыраагы анын негизинде соодалашууну баштоо учурунда айрым борбордук банктардын таңкыстыгын жылдын жыйынтыгы боюнча металл менен, же анын рыноктогу баасы боюнча каалаган акчалай белгиде же баалуу кагазда жоюу аркылуу дүйнө Бреттон-Вуд системасын долларсыз кайтып келет. Мамлекеттер ээ болгон алтын менен дүйнөлүк валютанын шарты камсыз болот, запастар декларацияланат жана соода кепилденет. Кирешени номиналдуу алдында алып, компаниялар анын баасы төмөндөп кетет деп коркпойт. Бул учурда, мындай алтын менен алмаштыруу долларга караганда кыйла жагымдуу болот. Анткени, анын эмиссиясы реалдуу алтын казуу менен чектелет. Кантсе да, азырынча Орусия менен кытайдын алтын запастарын өстүрүү доллар жок болуп бараткан өлкөлөрдө окуяны ушундай өнүктүрүгө АКШ үчүн кыйытма болуп саналат.     

Москвалык финансы формунун учурунда Костин тарабынан белгиленген доллардан арылуу көп түрдүү дүйнөдө доллардын гегемониясына эмес, валюталардын көп түрүнө ээ болуу керектиги жөнүндө куру коркутуу, же кадимки ой жүгүртүү болуп саналбайт.  

Евразияда долларды соодадан сүрүп чыгаруу санкцияларды чектөө болуп саналат, бул факт. Бирок, бул дагы экономикалык терминологияда фиктивдүү жана спекулятивдүү финансылык капиталдын эмес, өндүрүштүк капиталдын артыкчылыгы менен сооданы өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына алыйык келтирүү аркылуу эл аралык финансылык күчтөрдүн жайгашуусун өзгөртүү үчүн зарыл болгон кадам.

Анын позициясы абдан бекем, бирок алмашуу керек, АКШ менен Евразиянын ири борборлорунун кайчы пикирлери өсүп жатат, ошондуктан доллардан баш тартуу акырындык менен жүрөт, жыйынтыгында америкалык санкциялар күч алдандан күч алат. Дүйнөлүк соода башкача болуп алмашмайынча, ал эми АКШ өзүнүн валютасынын бардык “натыйжаларын” көрө албайт.

Алмашуулар тездик менен жүрбөйт. Азырынча мүмкүн болгон өзгөрүүлөр деклорацияланып гана жатат, планда баары камтылган эмес. Балким, иш жакшы жакка жылышы мүмкүн, балким кырдаал жакынкы бир-бир жарым жалда пландан да артык жылууга мүмкүн болор. Бирок, бир несе анык, өзгөрүүлөр өсүп жетилди жана башталды. Алар эл аралык экономикалык карама-каршылыктарлын улам бир топ алдыга жылат.

Булак: http://eurasia.expert/mir-bez-dollara-torgovlya-i-finansy-evrazii-na-poroge-transformatsii/?fbclid=IwAR1ybyYdCS0_ovEeqV9_pjejy8N4qi8xfu5YBy4OLL4qz7gcGPddwDEPTYg