Ысык-Көл: өспүрүмдү зордуктамак болгон кишини эл ташка алып өлтүрүп кое жаздады

11 марта 2020 Ысык-Көл: өспүрүмдү зордуктамак болгон кишини эл ташка алып өлтүрүп кое жаздады

Айыл тургуну анын 12 жаштагы кызын зордуктоого аракет кылып жаткан кошунасын кармап алган. Ошол замат жергиликтүү жаштар чогулуп, аны бакка байлап алып таш менен ура башташкан.

Ысык-Көл облусунун Кашат айылында өспүрүм кызга кол салууга аракет кылды делген 51 жаштагы кишини жергиликтүүлөр таш бараңга алып, өлтүрүп кое жаздашты. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Окуя 5-март күнү болгон.

"Айыл тургуну анын 12 жаштагы кызын зордуктоого аракет кылып жаткан кошунасын кармап алган. Ошол замат жаштар чогулуп, аны бакка байлап алып таш менен ура башташкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Бирок айыл аксакалдары келип, кыжырланган жаштарды токтотуп, милиция чакырышкан.

Учурда шектүү Караколдогу тергөө абагына эки айга камакка алынды. Ага карата КР Жазык кодексинин "Зордуктоого аракет кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголду.

sputnik