Тарыхта экинчи адам ВИЧтен толугу менен айыкты

11 марта 2020 Тарыхта экинчи адам ВИЧтен толугу менен айыкты

Эки учурда тең ооруну жуктуруп алгандар донордун жардамы менен сөөк чучугун алмаштырган. Биринчи адам — "берлиндик пациент", экинчиси — "лондондук пациент" болгон.

Дарыгерлер тарыхта экинчи адам ВИЧтен толугу менен айыккандыгын тастыктады. Бул туурасында Lancet журналы жазды.

Эки учурда тең ооруну жуктуруп алгандар донордун жардамы менен сөөк чучугун алмаштырган. Биринчи адам — "берлиндик пациент" Тимоти Рэй Браун. Ал мындан 13 жыл мурда айыгып кеткен.

Экинчи киши "лондондук пациент" деп аталат. Андан 30 айдын аралыгында оорунун белгилери байкалган эмес, вирус кандан жок болуп кеткендигин Кембридж университи жасаган изилдөөнүн жетекчиси Равиндра Гупта айтып берген. Пациенттин аты азырынча айтылбай турат.

Анткен менен ысымы айтылбаган адам туурасында New York Times маалымат берген. Анда 40 жаштагы Адам Кастильехонун Венесуэлада туулганы айтылат. 2003-жылдан бери ВИЧтен жабыр тартса, 2012-жылы рак менен ооруп калган. Анын чучугун алмаштыруу онкологиялык илдетти дарылоо үчүн жасалган, анткен менен Кастильехо экинчи оорудан да арылган.

sputnik