Эл өкүлү Франция, Испания, Ирандын депутаттары бири-бирине коронавирус жугузуп жатканын айтып, коопсуздукту сактоого чакырды.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев коронавирус кооптуулугунан улам кесиптештерин чет өлкөгө иш сапар менен баруусуна тыюу салууну сунуштады.
Эл өкүлү жаңы типтеги вирус 112 өлкөгө жеткенин айтып, ал эми Франция, Испания, Ирандын депутаттары бири-бирине жугузуп жатканын белгиледи.
"Ошого карабастан биздин кээ бир депутаттар дагы деле иш сапарга чыгып жатышат. Урматтуу төрага, сиз ушуга тыюу салбайсызбы. Кээ бири Германияда жүрүшөт, ал жакта миңден ашуун адам коронавирус жуктуруп алган. Келгиле, иш сапарды да токтотолучу. Төрага, буйрук чыгарбайсызбы? Азыр дүйнөдөгү көпчүлүк парламенттер ушундай кылып жатат. Депутаттар да чет өлкөдөн келгенден кийин бир айбы же эки жумабы, карантинге жатсын", — деди Бекешев.
Ал эми төрага Дастан Жумабеков учурда иш сапарларды токтотуу боюнча сүйлөшүү болуп жатканын билдирди. Өз демилгеси менен кетип жаткан депутаттарга да эскертүү берилерин кошумчалады.
Мындан тышкары, ЖКга сырттан келген конокторду кабыл алууга чектөө киргизилген. Атап айтканда, иш-чараларды өткөрүүгө, жергиликтүү кеңештин депутаттарына, окуучу, студенттерге Ак үйдүн ичине экскурсия жасоого тыюу салынды.