Психологдун айтымында, бала чоңойгон сайын өз бөлмөсүн жыйноо, гүлдөрдү сугаруу, өзү чай ичкен чыныны жууп коюу сыяктуу милдеттерди мойнуна алышы керек. Бул аны турмушка даярдайт.
Ата-эне баласы үй оокатына жардам берип же сабактан жакшы баа алгандыгы үчүн акчалай сыйлык бериши керекпи? Бул суроого РИА Новости агенттигине кризистик психолог Мария Зеленова жооп берди.
Адистин пикиринде, балага күнүмдүк майда-чүйдө нерсе үчүн сый акы катары акча берүүнүн зарылдыгы жок.
"Азыр көпчүлүк үй-бүлөлөрдө бала үй жумуштарына кол кабыш кылса же жакшы баа алса, акча беришет. Анда эмнеге атасы уулун мектепке алып барып келгени үчүн же апасы тамак жасаганы үчүн акы албайт? Анткени үйдө ар бир кишинин мойнунда милдет бар. Муну бала дагы түшүнүшү керек. Чогуу жашап жатасыңбы, демек, ошол үйгө салым кошууну унутпа", — деди Зеленова.
Психологдун айтымында, бала чоңойгон сайын өз бөлмөсүн жыйноо, гүлдөрдү сугаруу, өзү чай ичкен чыныны жууп коюу сыяктуу милдеттерди мойнуна алышы керек. Бул аны келечек турмушуна даярдайт. Ошондой эле билим алуу дагы анын өзү үчүн гана керек экенин айтып жеткирүү зарыл.
Ал эми мектептер аралык олимпиада же ар кандай сынактарда жеткен жеңиштер чындап эле ата-энеси тараптан сыйлыкка татыктуу. Тескерисинче, мындай учурда баланы мактап, сүрөп, белек менен кубандырып койсо болот.