Коронавирусту жуктуруп алууга даяр ыктыярчылар изделүүдө. Акысы 4500 доллар

11 марта 2020 Коронавирусту жуктуруп алууга даяр ыктыярчылар изделүүдө. Акысы 4500 доллар

Окумуштууларга вирустун анча коркунуч жаратпаган штаммдары киргизилип, эки жумалык карантинге кирүүгө даяр 24 киши керек.

Британиялык окумуштуулар вакцина иштеп чыгуу үчүн акча алып коронавирус жуктурууга даяр ыктыярчыларды издөөдө. Бул тууралуу The Daily Mail жазды.

Экспериментти Hvivo компаниясы жүргүзмөкчү. Ага Лондондун чыгыш бөлүгүндөгү Уайтчпелде жайгашкан Queen Mary BioEnterprises инновациялык борборунун лабораториясы таандык. Макул болгон ар бир ыктыярчыга 4500 доллар берилери айтылды.

Маалыматта экспериментке макул болгондордун саламаттыгына жана диетасына дарыгерлер көз салары белгиленет. Ыктыярчыларда COVID 19га салыштырмалуу жеңилирээк респиратордук белгилер пайда болору болжолдонууда.

Ал эми тесттен өткөн вакциналар менен дары каражаттары чындап ооруп калган бейтаптарга колдонулат. Окумуштуулар бул аракеттер эпидемияга каршы күрөшүүгө жардам берип, дүйнө жүзүндөгү паникага чекит коёт деген ишенимде.

sputnik