Смартфон мээни "таштанды челекке" айлантат. Дарыгердин түшүндүрмөсү

10 марта 2020 Смартфон мээни "таштанды челекке" айлантат. Дарыгердин түшүндүрмөсү

Нейрохирург Аюми Окумура акыркы жылдары эске тутуусу начарлаган адамдар көбөйүп, оору абдан "жашарып" кеткенине таң калгандыктан анын себебин издеп көргөн.

Компьютер менен смартфонду көп колдонуу мээни чарчатып, депрессия жана кем акылдыкка алып келет. Бул тууралуу япониялык окумуштууларга шилтеме берип РИА Новости жазды.

Нейрохирург Аюми Окумура акыркы жылдары эске тутуусу начарлаган адамдар көбөйүп, оору абдан "жашарып" кеткенине таң калгандыктан анын себебин издеп көргөн.

"Мурда улгайган адамдар гана ооруса, азыр 30-60 жаштагылар мээ илдеттерине кабылып жатат. Бул куракта компьютер жана смартфонду көп колдонушат. Жыйынтыгында көп маалымат иштетүүгө мээнин алы жетпей "таштанды челекке" айланып калат", — деди дарыгер.

Андыктан адистер жумушуна байланыштуу компьютердин алдында көп убакыт өткөргөндөргө мээни эс алдыруу үчүн түшкү тамактануудан кийин 15 мүнөт уктап алууну сунуштайт. Мындан тышкары, тамактануу маалында смартфонду карабай эле койгон туура экени айтылат.

sputnik