Елизавета II коронавирустан коркуп сыйлыктарды кол капчан тапшырып жатат

5 марта 2020 Елизавета II коронавирустан коркуп сыйлыктарды кол капчан тапшырып жатат

Ушул тапта Улуу Британияда коронавируска кабылгандардын саны 51ге жетти. Акыркы маалыматтар боюнча, көз жумгандар дагы, сакайып кеткендер дагы жок.

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II учурда сыйлыктарды кол капчан тапшырып жатат. Бул тууралуу "RT на русском" маалымдады.

Батыш ЖМКларынын жазганына караганда, буга коронавирус коркунучу себеп болууда. Анткени COVID-19 вирусу өмүрүн алгандардын басымдуу бөлүгү жашы өтүп калган адамдар.

Ушул тапта Улуу Британияда коронавируска кабылгандардын саны 51ге жетти. Акыркы маалыматтар боюнча, көз жумгандар дагы, сакайып кеткендер дагы жок.


 https://sputnik.kg/world/20200305/1047283835/uluu-britaniya-hanysha-koronavirus-kol-kap.html