Өкмөт лайнердеги кыргызстандык жигитке кам көргөнү үчүн Японияга алкыш айтты

5 марта 2020 Өкмөт лайнердеги кыргызстандык жигитке кам көргөнү үчүн Японияга алкыш айтты

Кыргызстанда коронавирустун киришине жана жайылышына жол бербөө үчүн республикалык штаб түзүлгөн. Ушу тапта беш өлкөнүн жарандарына Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынды.

Diamond Princess круиздик лайнердеги кыргызстандык жигитке өз учурунда жардам көрсөткөнү үчүн Японияга ыраазычылык айтылды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Белгилей кетсек, 3 700 адам туристи бар кеме коронавирустан улам 5-февралда Япониянын Иокогама портуна токтоп, карантинге алынган болчу. Лайнердеги вирус жуктуруп алгандардын арасында бир кыргызстандык жигиттин бар экени маалым болуп, ал ооруканага жаткырылган эле. Кезектеги тест андан вирус тапкан эмес, мындан улам мекендеш 1-март күнү госпиталдан чыгарылып, Токиодогу мейманканалардын бирине жайгаштырылган. Ал эми лайнер 19-февралда карантинден чыгарылган.

"Кыргызстан аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб биздин жаранга өз убагында адистешкен медициналык жардам көрсөткөндүгү үчүн япон тарапка ыраазычылык билдирет", — деп айтылат маалыматта.

Акыркы маалыматтарга ылайык, дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны 95 413кө жетти. Анын 3285и каза тапса, 53 257 бейтап сакайып чыкты. Вирустан Кытайды кошкондо 15 мамлекет жапа чегүүдө.

https://sputnik.kg/world/20200305/1047283863/yaponiyadagy-zhigit-koronavirus-yraazychylyk.html