Өзбекстанда коронавирустан улам коомдук иш-чараларды токтото туруу сунушталды

4 марта 2020 Өзбекстанда коронавирустан улам коомдук иш-чараларды токтото туруу сунушталды

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги дүйнөдө коронавирустун жайылышына байланыштуу эпидемиологиялык абал турукташканга чейин калкты коомдук иш-чараларды өткөрбөй турууга чакырды. Бул Саламаттык сактоо министрлиги менен Элдик билим берүү министрлиги чоогуу кабыл алган токтомдо жазылган.

Документ Өзбекстандын бардык окуу жайларында көзөмөлдү күчөтүү, инфекция тууралуу кеңири маалымат берүү, жеке гигиена эрежелерин сактоо жана курч респиратордук белгилер аныкталган учурда тезинен кабарлоо тууралуу талаптарды камтыйт.

Саламаттык сактоо министрлиги окуу жайларында тазалыкты сактоого, сабак учурунда бөлмөлөрдү тез-тез желдетүүгө үндөдү.

Ар бир билим берүү мекемесинин жетекчиси санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы жана дезинфекциялык иштер үчүн жоопкерчиликтүү болот.

Мындан тышкары абал турукташканга чейин эл аралык жана коомдук иш-чараларды, анын ичинде спорттук мелдештерди өткөрүүнү токтото туруу маселеси коюлган.

Өзбекстан коронавирустун жайылышына байланыштуу Кытай, Түштүк Корея, Жапония, Италия жана Ооганстан менен аба каттамдарын убактылуу токтоткон.

https://www.azattyk.org/a/30467614.html