Кыргызстандыктар 9-мартта эс алабы?

4 марта 2020 Кыргызстандыктар 9-мартта эс алабы?

Эмгек кодекси боюнча, майрам дем алышка туура келсе, дүйшөмбү эс алуу күнү болуп саналат. Ал эми 8-март жекшембиге туш келиптир.

8-март Кыргызстанда Аялдардын эл аралык күнү катары белгиленип келет.

Эмгек кодекси боюнча, майрам дем алышка туура келсе дүйшөмбү эс алуу күнү болуп саналат. Бирок буга чейин 9-марттагы эс алуу күнү өкмөттүн токтому менен 3-январдагы иш күнүнө которулган болчу. Мындан улам 9-март күнү кыргызстандыктар кадимкидей ишке чыгышат.

Эске салсак, Жаңы жылды белгилөөгө байланыштуу кыргызстандыктар 1-январдан 7-январга чейин эс алышкан.

https://sputnik.kg/society/20200304/1047271574/kyrgyzstan-9-mart-ehs-aluu.html