Түндө Бишкек — Ош унаа жолундагы автокырсыктан 7 киши каза тапты

4 марта 2020 Түндө Бишкек — Ош унаа жолундагы автокырсыктан 7 киши каза тапты

Кырсык Ноокен районунун Бүргөндү айылына жакын жерде болуп, жабырланган алты адам Шамалды-Сай шаарчасындагы ооруканага жеткирилген.

Түндө Бишкек — Ош унаа жолунда автокырсык болуп, жети адам каза тапкандыгын ӨКМ билдирди.

Кырсык Ноокен районунун Бүргөндү айылына жакын жерде болуп, жабырланган алты адам Шамалды-Сай шаарчасындагы ооруканага жеткирилген.

Маалыматта Mercedes-Benz Vito менен Honda Jazz автокөлүктөрү кагышкандыгы айтылган.

Окуя болгон жерге ӨКМдин 4 куткаруучусу, Тез жардам жана ИИМ кызматкерлери барган. Куткаруучулар жабыркаган жарандарды автоунаадан чыгарып, Тез жардам кызматына, каза тапкандарды милицияга өткөрүп беришкен.

Маркумдардын сөөгү Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

sputnik