Кытайдын Ухань шаарында тараган коронавирустун айынан жаш дарыгерлер Юй Цзинхай менен Чжоу Линьинин баш кошо албай калышкан.
Алар 28-февралда Шанхайда үлпөт тоюн өткөрүшмөк. Бирок COVID-19 вирусу тараганына байланыштуу элдин өмүрүн сактоо менен алектенишип, майрамды токтото турууну эп көрүшкөн.
Жуптардын тою болбой калганын билген бейтаптар менен кесиптештери оорукананын ичинде үйлөнүү салтанатын уюштуруп, дарыгерлерге жагымдуу маанай тартуулашкан. Иш-чара "Лейшеншан" медициналык жайында өткөн.
"Тоюбуз өтпөй калганына такыр өкүнгөн жокпуз. Биз дарыгербиз, элди оорудан сактап, өлкөгө эпидемия менен күрөшүүгө жардам беришибиз керек", — дешкен жаңы үйлөнгөн жубайлар.
Аземге "Лейшеншан" ооруканасынын башкы дарыгери менен Шанхайдагы Рэндзи госпиталынын жетекчиси күбө болгон. Жаш жубайлардын тоюна Кытайдын ар кайсы жериндеги 12 медициналык бригада келгени айтылды.