Жүрүм-турумуна, эмгектенгенине, реабилитациялык программаларга катышканына жана ошондой эле белгиленген эрежелерди сактаганына карап соттолгон кишинин жаза өтөө жайын алмаштыруу мүмкүн.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кандай адамдар жатак колониясына которулбай турганын түшүндүрүп берди.
Буга чейин эркинен ажыратылган Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов ушул жылдын февраль айында экс-депутаттын жатак абагына которулушу ыктымал экенин айткан болчу. Бирок ЖАМК мындай маалыматты четке каккан. Ал жактан Жапаров жатак колониясына которууга мүмкүн болбой турганы категорияга кирерин айтышкан болчу.
Бүгүн ЖАМКтын маалымат кызматы жатак колониясына которула албай турган адамдардын категориясын жарыялады:
- өмүр бою эркинен ажыратылгандар;
- террордук жана экстремисттик багытта кылмыш жасап соттолгондор;
- уюшкан топтун же уюмдун катарында кылмыш жасап эркинен ажыратылгандар;
- криминалдык топтордун мүчөлөрү, жаза өтөп жаткан жерде кылмыш жасагандар;
- жашы жете элек балдарга карата оор кылмыш жасагандар;
- мажбурлап дарыланууга муктаж болуп, бирок медициналык көзөмөлдөн өтпөгөндөр;
- I, II топтогу майыптар, пенсия курагындагы адамдар;
- туруктуу жашаган жери жоктор;
- чет элдик жарандар, Кыргызстанда туруктуу жашабагандар;
- жаза өтөп жаткан жерден же күзөттөн качып чыкканы үчүн соттолгондор.
Бул маалыматка ылайык, Садыр Жапаров үчүнчү категорияга кирип калат.
Былтыркы жылдын январь айынан тарта соттолгон кишинин жаза өтөй турган жайын жана жаза өтөй турган мекеменин түрүн атайын комиссия аныктайт.
Бишкектеги митинг
2-март күнү "Ала-Тоо" аянтында экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митинги болуп өттү. Акцияга чыккандар 11,5 жылга кесилген Жапаровду бошотуу, соттук реформаны ишке ашыруу, насыяларды жеткиликтүү кылуу, чек ара маселесин чечүү жана коронавирустун алдын алуу чараларын күчөтүү сыяктуу талаптарды коюшкан. Кечке маал уюштуруучулар митингге ээ боло албай калышкан, натыйжада бир нече киши жабыркап, уюштуруучулар Каныбек Осмоналиев жана Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаров УКМКга алып келинген. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 39 жана 309-беренелеринин ("Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу") негизинде шектелип жатат.
Садыр Жапаровдун иши
2013-жылы Ысык-Көл облусунун Саруу айылында Кумтөр кенин улутташтыруу талабы менен митинг өтүп, тергөөнүн маалыматы боюнча, аны Садыр Жапаров каржылаган. Катышуучулар ошол кездеги облус губернатору Эмилбек Каптагаев баш болгон бир нече адамды барымтага алганы айтылган. УКМКнын берген маалыматы боюнча, акцияга чыккандарды Жапаров телефондон тескеп турган. Мындан улам Жапаровго карата Кылмыш-жаза кодексинин "Өлтүрөм деп коркутуу", "Барымтага алуу", "Бейбаштык" жана "Бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, сот 11,5 жылга эркинен ажыраткан.
Ушу тапта Жапаров Молдовановка айылындагы түрмөдө жазасын өтөп жатат.