3 марта 2020
Peugeot 208 автоунаасы алгачкы жолу Женевадагы автосалондордун биринде 2012-жылдын март айында көрсөтүлгөн.
Car of the Year 2020 сынагында жылдын мыкты автоунаасы болуп Peugeot 208 табылды. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучуларынын расмий сайтында жарыяланды.
"Мыкты темир тулпар" наамына ээ болгон автоунаадан сырткары бул макамга BMW 1-Series, Ford Puma, Porsche Taycan, Renault Clio, Tesla Model 3 жана Toyota Corolla автолору ат салышкан.
Калыстар тобу 23 өлкөдөн чогулган 60 адистен турду.
Peugeot 208 автоунаасы алгачкы жолу Женевадагы автосалондордун биринде 2012-жылдын март айында көрсөтүлгөн.
Car of the Year — авто куруучулар арасында өткөрүлүүчү сынак. Ал 1963-жылы негизделген.