Мэрия Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимге кызыкдар

3 марта 2020 Мэрия Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимге кызыкдар

Муниципалитет сотко кайрылып, Бишкектин чок ортосунда митинг өткөрүүгө тыюу салдыруу ниетинде. Анын себеби кечээги митинг жана коронавирус профилактикасы экенин айтууда.

Өткөн окуялардан жана коронавирус профилактикасынан улам мэрия Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салуу үчүн сотко кайрылганы турат. Бул туурасында муниципалитеттен кабарлашты.

Бишкек мэриясы кечээ, 2-мартта, болгон митингди массалык башаламандык деп баалады.

Алар көчөлөрдү тосуу, милиционерлерге кол салуу жана Ак үйдү басып алуу аракеттери болгондугун айтты. Андан сырткары, бизнесмендердин мүлктөрү талкаланып, шаарды жашылдандырган элементтер жок болгонун кошумчалады. Учурда чыгымдын көлөмү аныкталууда.

"Митингдин уюштуруучуларына өлкөдөгү абалды туруксуз кыла турган башаламандык керек болду. Мунун баары шаардыктарды кооптондуруп, туристтерди, бизнести чочутат. Башаламандык, опузалоо, өзү билемдик жана анархия болгон көйгөйлөрдү ого бетер тереңдетет жана трагедия менен аяктайт. Мындай окуялар бизде мурда болгон. Аны бишкектиктер жакшы эле түшүнөт деп ойлойбуз", — деп билдиришти мэриядан.

Шаар башкармалыгынан уюштуруучулар менен тынчтык митингин өткөрүп, тарап кетүү боюнча келишим болгондугун айтышты. Бирок демонстранттар өздөрүнүн кылыгынан улам милицияны күч колдонууга мажбурлады деп кошумчалашты. Шаар бийлиги милициягы ыраазылык билдирген.

Жапаровду колдогондордун кууп таратылган митинги

2020-жылдын 2-мартында экс-депутат Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылганда Бишкек шаарынын чок ортосунда митинг өткөргөн. Саат 10дордон тарта эле чекесинен чогулуп отуруп, митинг 13:00 чамасында башталган. Анда чыгып сүйлөгөндөр саясатчыны бошотуу талабынан сырткары бийликти сындаган пикирлерин айткан. Алардын ичинен 10 кишиден турган топ президент Сооронбай Жээнбековго жолугуу үчүн барып, бирок аппараттын кызматкери менен жолугуп кайра келген. Бийлик маселени 3 күндө карап, кабыл аларын айткан.

Ал арада чогулган элдин бир тобу кээ бир уюштуруучулардын кебине кулак салбай Ак үйдү көздөй жөнөгөн. Ал жерден милиция менен тирешип калган. Бирок милиция демонстранттарды "Ала-Тоодон" басымы жогору суу, жаш агызуучу газ колдонуп сүрүп чыгарган. Эл каршылык көрсөткөнү менен күчү жетпей качып жөнөгөн. Алардын кээ бирлерин милиция кармап кеткен. Ал эми митингдин уюштуруучулары болгон Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровду, Каныбек Осмоналиевди жана Амангелди Артыковду УКМК кармаган.

sputnik