«Кыргызстанда арак менен китептин салыгы бирдей»

29 февраля 2020 «Кыргызстанда арак менен китептин салыгы бирдей»

«Күн чабыт» программасында Кыргызстанда китеп тармагынын көйгөйлөрү, пираттык басып чыгаруу, жогору нарк салыгы жана бир катар маселелер тууралуу сөз кылдык. Ага Китеп палатасынын төрагасы Койчуман Момункулов, “Жамгыр” басма үйүнүн директору Толкунбек Арсен уулу, котормочу, билим берүү боюнча серепчи Бакытбек Абдуллаев катышты.

-Акыркы кезде коомчулукта кандай китептерге талап көп болуп жатат, ошону менен катар окурмандардын табити тууралуу айтып берсеңиздер?

Арсен уулу:-Кыргызстанда китепке болгон кызыгуунун артканы былтыркы жылдан башталды десем болот. Буга эмне себеп болду десеңиздер, былтыр январда Кыргызстанда » Бир адамдан бир китеп» аттуу долбоор старт алган. Долбоор чакан эле бир айылда башталып, учурда республика боюнча кулачын жайды десек да болот. Башында бул нерсе айыл үчүн, өздөрү үчүн эле кылынган нерсе болчу. Ошол долбоор элге жугумдуу болуп, өлкөбүздүн көп жерлерине жайылды. 2019-жылы бул долбоордун алкагында Кыргызстан боюнча 150 айылга китепканалар ачылды. Жарандарыбыздын китепке болгон кызыгуусун арттырууда салымы зор болду десек да болот. Андан сырткары, күндөн-күнгө китеп дүкөндөрү ачылып, социалдык тармактардан жарнамалар кетип, китептердин сатылышы жакшы жолгокоюлуп жатат. Окурмандар көбүнчө мотивациялык шыктандыруучу китептерге кызыгып жатышат. Орусиядан, орус тилиндеги жана ошондой эле чет өлкөлүк:  америкалык, европалык шыктандыргыч адамдардын китептери көп келип жатат. Андан сырткары, көркөм адабий китептер, түрдүү жанрлардагы чыгармалар дагы окурмандардын кызыгуусун арттырууда. Балдар адабияты да акырындап жанданып келе жатат.

— Акыркы учурда китеп айдыңында Кыргызстанда активдүүлүктү байкадык. Албетте, бул жакшы көрүнүш. Сиз Китеп Палатасынын төрагасы катары бул активдүүлүктү эмне менен байланыштырып, окурмандар үчүн алдыда дагы кандай шарттарды түзүш керек деп эсептейсиз?

 Момункулов: -Китепке кайрылуу тенденциясы бир эле Кыргызстанда эмес, дүйнөдө болуп жатат. Айрыкча, Европа өлкөлөрүндө китеп окуу маданияты өнүгүп жатат. Бизде окурмандар дайыма эле болуп келген. Биздин негизги кемчилигибиз —  окурмандарга китептерди жеткирип бере албай келгенбиз болду. Бүгүнкү күнү сурамжылоонун, эл менен байлашуунун натыйжасында окурмандарыбыздын көбү айыл жеринде экени белгилүү болду. Буга чейин китептерди дагы жетиштүү санда чыгара албай келгенбиз. Буюрса, 3-4 жылдан бери ишти өкмөтүбүз колго алып, окурмандардын керектүү деген, суроо-талапка ылайык болгон китептерин чыгарып келе жатышат. Айрыкча, Илимдер академиясы бул жаатта алгылыктуу иштерди жасады. «Окурмандардын китеп текчесинде » деген китепти бул жылы 50-басылышын чыгарып жатат. Ушул жылы классикалык көркөм адабиятыбыздагы чыгармалар толугу менен жарык көрөт. Андан сырткары, жазуучуларыбыз дагы өз китептерин чыгарып, өз каражатына китеп соодасын жүргүзүп жатышат. Баары эл муктаж болгон китептерди чыгарууга аракет кылууда. Бирок, бүгүнкү күндө дагы бир кемчилигибиз — айыл жергесине, алыскы аймактарга китептерди жакшы жеткире албай жаткандыгыбыз болуп жатат. Китеп боюнча иш-чаралары жакшы жүрүүдө. Мисалы, «Китеп кудугу» деген акция өттү. Бишкек шаарындагы беш жогорку окуу жайда 1000 китепти өз наркында коюп, кайсы ЖОЖ биринчи ушул китептерди сатып түгөтөт деген акция уюштурулду. Муну да окурмандарды, студенттерди китеп окууга тартуу үчүн жасалган жакшы аракет болду десек болот. Натыйжада, Арабаев атындагы мамлекеттик жогорку окуу жайы жеңишке ээ болду. Манас университети да жакшы көрсөткүчтү көрсөттү. 2019-жылдагы чоң акциябыз -«Бир адамдан бир китеп» аттуу долбоор болду. Бул – Ак-Талаа районунун жаштары көтөрүп чыккан демилге. Бүткүл республиканын аймактары бул идеяны колдоп, көпчүлүк китепканалар бир аз болсо да китеп фондун толтурганга жетишип калды. Ушундай аракеттер көп эле болууда.  Быйыл дагы жакшы жаңылык — Маданият маалымат туризм министрлигинин коллегиясында министрибиз Жамангулов Азамат Капарович быйыл өкмөт 20-30 миллиондой акча каражатын адабиятты көтөрүү үчүн бөлүп жатат. Жалпы искусство, сүрөтчүлөрдү, чыгармачыл союздардын ишин колдоо үчүн ушунчалык акча бөлүнүп жатканын белгиледи. Биринчи жолу ушундай болуп жатса керек. Ушул тармакта көп жылдан бери эмгектенсем да, мен мындай нерсени мурда укпаптырмын.

-Жалпы статистика барбы? Акыркы күндө ачылган китеп үйлөрүнүн саны көбөйдү, Кыргызстанда канча китеп үйү иш алпарып жатат? Акыркы жылдары өсүш  пайда болду дегенге негиз барбы?

Момункулов: -Азыр китеп соодасын жүргүзгөн жаштар өтө активдүү болуп жатат. Так санын ала элекпиз. Жаштарыбыз изилдеп, элибизге керек болгон китептерди чыгарууда. Анын ичинде тарыхый чыгармаларды кызыгуу  менен окуп жатышат. Үзгүлтүксүз чыгып келе жаткан «Сынган кылыч», Ч.Айтматовдун жылына 3000ден кем эмес китеби чыгат, «Маркумдан үнү» аттуу китеп жана башка китептерибиз элдин купулуна толуп, чыгып жатат. Жаштарыбыз көбүнчө мотивация берүүчү китептерге басым жасап окууда.  Кыргыз тилине да байма-бай которлуп, окурмандарга тартууланып жатат.

-Азыркы биздин окурмандарыбыз деп, жаш өзгөчөлүгү боюнча кимдерге басым жасоого болот?  Же ар кайсы катмардын өкүлдөрүн айтсак болот?

Абдуллаев: -Азыркы кезде-илимий ачылыштар англис тилинде болуп жатат. Тил барьери болгон үчүн ал китептерден, пикирлерден кабарсыз болуп калып жатышат. Биз ошол жаңы идеяларды, пикирлерди кыргыз окурмандарына жеткирүү максатында китептерди которуп келебиз. Бул былтыркы жылы эле башталган иш. Кыргызстанда дагы деле жетишсиз. Себеби, китеп чыкканда орточо нускасы 1000-1500ге деле жетпей калат. Бул деген 6 000 000 калктын 1%ы болгондо деле 60 000 болушу керек эле, биз 0,1% 6000ге да жетпей жатабыз. Азыр диний китептерге да талап күчтүү.  Китеп палатасынын статистикасында бир аз көйгөйлөр бар. Көрүп эле жүрөбүз, эч ким четке какпайт. Китеп чыгарууда 3000 чыгарабы ,5000 чыгарабы 1000 деп жазып коёт. Себеби ал жерде кошумча нарк салыгы жогору болуп, ал 12%ды түзөт. Бул 12%дан дагы адамдар качышат.

— Нарк салыгын 12%дан азайтуу же муну чечүүнүн башкача жолдору барбы?  Муну ким жөнгө сала алат?

Момункулов: -Биздин колубуздан бул иш келбейт. Кыргыз китептерин сатуу боюнча сатыктан кошумча наркты алып салган. А бул иш китеп чыгаруу боюнча болуп жатат. Китеп чыгаруучулардын баары «Жоопкерчилиги чектелген коом» деп түзүлгөн.  Басмакана катары эмес, «Жоопкерчилиги чектелген коом» коммерциялык ишкана катары сөзсүз мыйзамдуу түрдө кошумча салык төлөй турган болуп калган. Ошондуктан, бул жерде бир аз карама-каршылыктар бар. Китептердин чыгышы боюнча Бакыт мырза айтып өткөндөй, китептер көп чыгып жатат, жаштар өз жолун таап, жакшы иштерди алып кетти. Китептердин саны боюнча айта турган болсок, чындыгында эле, тиражы өтө аз чыгат. Эң жогорку чеги 1000 десек болот. Былтыр чыккан окуу, илимий жана башка китептердин жалпы саны 1250 китеп болду. Окуучулардын каалаган мыкты китеби боюнча аныктаганбыз. Ошол китептерди эл сурап жатат деп Билим берүү министрлигине, Маданият министрлигинине да сунуштадык. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин эч ким ал китептерди кайра басып чыгарган жок. Бирок, буга быйыл Маданият министрлиги да кызыктар болуп жатат. Балким, чыгып калар.

— Анда бул кошумча нарк салыгын азайтуу — салык кызматына түшкөн милдет.  Чечүү жолу катары эмнени сунуштай аласыздар?

Абдуллаев: -Дүйнөдө эл аралык  басып чыгаруучулардын ассоциациясын карап көргөндө, 86 өлкөнүн ичинде Чыгыш Азияда китепке болгон нарк салыгы 0% экен, ошол эле Түштүк Кореяда да ушундай. Ал эми Японияда 1-2%. Эң жогорку кошумча нарк салыгы бул — Норвегияда, Скандинавия өлкөлөрүндө экен. Бирок, ал өлкөлөрдө жогору болгону менен өкмөттүк колдоо бар.  Китеп чыгара турган болсоң, 1000 китепти өкмөт сатып алат. Өлкөдөгү китепканалар жок дегенде бирден алышат. Ал эми балдар адабияты болсо, 5000 даананы дароо сатып алышат. Кыргызстанда деле ушул сыяктуу жардамдар болсо, кошумча нарк салыгынан деле качпай калсак керек. Азыр арак менен китепке салынган салык бирдей.

-Айрым авторлор таарынбастыр. Балким, жеңил-желпи темадагы китептер менен окурмандардын табитин өлтүрүп, оор китептерге тиши өтпөй, кыйналып калбайбы?

Абдуллаев: -Илгертен бери китеп сатып жүргөн адамдар менен бул боюнча сүйлөшүп калсам, жеңил-желпи китептер көп сатылчу дейт. Авторун, китептин атын атабай эле коёюн. 30 000-40 000 даана сатылчу экен. Ал эми азыр элдин табити өзгөрүп, андай китептерди окубай калыптыр. Экинчи жагынан бул — этикалык  маселе. Адамгерчиликке да туура келбеген маселелер бар. Китептердин котормо жаатында уруксатсыз которулуп, басылып чыгып, сатылып жатканы.  Мисалы: Стивен Ковинин эл аралык «Bestseller» китептери,  Роберт Кийосакинин китептери кыргызча которулуп, сатылып жатат. Бир күнү болбосо, бир күнү бул өлкөнүн имиджине аябай чоң доо кетириши мүмкүн. Кыргызстан кичинекей мамлекет болгондуктан, аларга кабар жетпеши мүмкүн. Кыскача айтканда, уурулук менен сатылып жатат. Мен үчүн бул — көйгөй. Биз китеп чыгарып жаткан учурда, кээ бир басма үйлөр менен Америкадан, Англиядан 8-9 ай жазышып, автордук гонорарын 100 000 сомго чейин төлөйбүз. Экинчи жагынан кошумча нарк салыгы жогору. Биздин китептин наркы эле 300-400 сом болот. Базар экономикасы менен сата турган болсок, 700-800сом болот. Аны дагы орточо окурман ала бербейт экен. Ушулардын баарын эске алганда, мамлекеттен колдоо күтпөй койбойт экенсиң. Аралашпаганы жакшы. Этика менен мыйзамга туура келген ишти кылгандарга кичине стимул берип койсо, бир аз жеңилдик болмок.

— Сиздерге дагы басма үйү катары өзүңүздөр китеп чыгарып келесиздер. Ушул жерде мамлекет колдоо көрсөтсө жакшы болмок эле же кыйынчылыктарга дуушар болгон учурлар болобу?

Арсен уулу: -Биз союз тарагандан бери биз бир нерсени байкадык. Китеп чөйрөсүнө бир жылдан бери аралашып жүрөбүз. Чоң акын, жазуучуларыбыздын китептери чыкпаптыр. Мурдакы тираждарын карасак, ал китептер 20 000 — 30 000 чыкчу экен. Ал эми азыр ашып кетсе, 1000-2000 тиражда чыгат. Ушундай китептерди чыгаралы деп кайрылсак, кээ бирөөлөрдүн мураскорлору өтүп кеткен болот, кээде тил табышыш кыйын болот экен. Экинчиден, мамлекет бир дагы китеп чыгарбаптыр. Ч.Айтматовдун чыгармаларын чыгарып жаткандыр, бирок башка акын-жазуучулардын китептерин чыгаруу жагында көйгөйлөр болууда. Салык жагынан да азайтса жакшы болмок. Китеп чыгаргандардын максаты — бир эле акча табуу болбош керек. Негизги максаты — элге пайдалуу болушу керек. Элдин билимдүү, илимдүү болушуна басым жасаш керек. Көйгөйлөрдүн бири — пираттык басуулар. Башка жактан келген китептерди басып, жарым баасына сатып жатышат. Чет өлкөдө туруп, мыйзам жагынан артынан кууп, талап кылган адам болбостур. Бирок, адамгерчилик жактан туура эмес. Акчанын артынан куубаш керек.

 — Пираттык негизде жазып жаткан китептерди бул тармакты билген инсан катары кантип чектөөнүн механизмин сунуштай аласыз? Эмне кылуу керек?

Момункулов: -Кыргыз патент деген мекемебиз бар. Ал жакта ар бир чыгарманын автордук укугу катталган. Мындай нерсе бизде гана бар. Бизде пираттык жол менен которуулар туура эмес болуп жатканы анын баары бир күнү болбосо, бир күнү  авторлор арызданса, өлкөбүзгө чоң сабак болгудай кылып эскертүү берилет же чаралар колдонулат. Токтотуу, жоюу үчүн арыз болмоюнча, биздин органдарыбыз кыймылдабайт. Арыз берүүчү авторлор чет өлкөдө болуп жатса, бул ишти токтотуу оор болуп калат.

— Мамлекет колдоого алыш керек деген суроону көтөрдүк. Мамлекет колуна алса, ишти кайсыл жактардан баштоо керек жана иш кандай жүрүшү керек?

Момункулов: -Биринчиден, мамлкетет акын-жазуучуларды колдоп берсе. Жакшы чыгармаларды жаратууга түрткү, жардам берсе… Бүгүн да мыкты акын, жазуучуларыбыз арабыздан чыгып келе жатат. Дүйнөлүк конкурстарда алдыңкы орундарга ээ болуп жатышат. Алардын акыл эмгеги бааланбай жатат. Алардын гонорар албаганына 30 жылдан өтүп калды.  Ошондой болсо дагы, өздөрүн-өздөрү каржылап, китептерин жарыкка чыгарып келе жатышат. Мамлекет мындайга эч качан көңүл бурбайт. Биздин “Эл жазуучусу” наамын алган агайыбыз Ош базарда китебин көтөрүп, китеп сатуучуларга барып сунуштап жүрөт. Атын атагым келбейт. Ушундай көйгөйлөрдүн айынан эч ким бул тармакта алектенгиси келбейт.

Абдуллаев: -Мамлекет китеп саткан дүйкөндөргө, басма үйлөрүнө колдоо көрсөтсө, биз өзүбүз деле жазуучуларга гонорар төлөп берүүгө жакшы шарт түзүлмөк. Жакшы чыгарма болсо, элдин купулуна толсо, басмакана өзү эле чыгарып, сатыкка коё баштайт. Т.Касымбековдун “Сынган кылыч” китеби дагы деле актуалдуу болгондуктан, кайра чыгуусун улантууда. Башка секторлорго нечендеген сумма каражаттарды бөлүшөт, ошонун ичинен китепке бөлүп койсо дагы, көптөгөн көйгөйлөр чечилмек.

Момункулов: -Мамлекеттик ишканалар да бүгүнкү күндө китеп чыгаргандан чочулап калышты. 2 жыл мурун Бишкектин 140 жылдыгында жакшы фото-альбом түрүндө китеп чыккан. Ал китеп үч тилде: кыргыз, орус жана анлгис тилинде болчу.  Бул китепте фотографтардын, жазган кишинин, котормочулардын эмгеги бар. Бирок, күч органдары басмаканага барып, бул китеп 850 сомдон чыккан дешкен. Бир китеп 1500 сомдон сатылган.  650 000ди жеп койду деп, үстүнөн иш козгогон. Азыр баарын сүйрөп жатат. Ушул көрүнүш бардык тармакта бар. Ал эми эмгек кайда кетти, салым кошкон инсандардын эмгеги кайда кетти?  Алар менен органдар эсептешпейт.

-Китеп окууну пропагандалоо үчүн эмне керек?

Абдуллаев: -Кыргызстанда китеп окууну пропагандалоо  маданиятын өстүрүү үчүн, мейли алар биздин таанымал, коомдук ишмерлер, ырчылар болсун окуган китептерин  чыгарып турса, ошол эле биз үчүн реклама.

 

Сайтка даярдаган: Махбуба Сайпила кызы , 

https://maralfm.kg/archives/409210