Сирияда Орусия менен Түркиянын мамилелеринин курчушу эмнеге алып келет? Түркия Сирияга согуш ача албайт. Анткени анын артында Орусия турат. Түркиянын Сирияга согуш ачканы Орусияга согуш ачканы болуп калышы мүмкүн. Түркия жана Орусия көптөгөн тармактар боюнча кызматташып келишсе да, барган сайын тил табышуу кыйындап баратат…
Түрктөрдүн коркутканына карабай, сириялык армия өз көзөмөлүнө бардык аймактарды алып келатканы жашыруун эмес. Кебетесине караганда, Анкара сириялыктарды ээлеген жерлеринен жылдыра албай калды окшойт. Ошол эле учурда Эрдогандын сириялыктарды колдогон Орусияга басым жасаганга мүмкүнчүлүгү жетпей калды көрүнөт.
Сириялык Идлиб Орусия менен Түркиянын мамилелерин 2015-жылдагы түрктөр тарабынан орусиялык Су-24 учагын атып түшүргөндөн да ашып түшкөн терең кризиске кептеди. Эрдоган бул аймакта дагы бир аскердик операцияны баштайм деп коркутуп, Дамасктын акыркы күндөрдүн ичинде жүздөн ашуун калк жашаган пункттарды, бир канча шаарларды жана стратегялык мааниге ээ Сириянын Алеппо жана Дамаск шаарларын бириктирип турган М5 трассасын ээлеп алгандыгына ич күптү болуп ачууланып турган чагы. Буга жооп кылып Түркия Идлиб провинциясында аскерлерин жана аскердик техниканы көбөйтүп жатат.
Ал эми Орусия болсо өзүнүн союздашы Асадды Анкарага салып бергиси келбейт. Бирок Түркия менен да ачык конфликтке баруу Москва үчүн өтө опурталдуу. Акыркы жылдардагы атом энергетикасынан баштап Ливиядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча түрдүү тармактардагы орус-түрк кызматташтыгы эки өлкөнүн мындан аркы мамилелеринин өнүгүшүн аныктайт.
Анан эмне болду?
Москва жана Анкара Идлиб боюнча 2018-жылы эле сүйлөшкөндөй болушту эле. Түркия анда Идлибдеги радикалдуу оппозицияны чектүү оппозициядан ажыратууга жана жоочулардын орусиялык, сириялык объектилерге (анын ичинде Хмеймим авиабазасына) кол салуусун токтотууга милдеттендирилген эле.
Ошондой эле өкмөттүк аскерлердин жана куралдуу оппозициянын линиясында радикалдуу жоочуларды жана оор техниканы чыгарып, 15-20 километрлик куралсыздандырыган зонаны түзүү каралган. Акыры тараптар Алеппо менен Дамаскты байланыштырган М4 жана М5 трассасында транзиттик кабарды калыбына келтирүүгө даярданып калышкан.
Макулдашуу ушул учурга чейин жарактуу экенине карабай тараптар ал үчүн көп нерсе жасаганын айтып келишүүдө. Бирок, чындыгында, айтылгандардын бардыгы куру сөз боюнча кала берген. Акырында бири-бирин макулдашуунун талаптарын сактабагандыгы үчүн күнөөлөй башташты.
Түркияга жана Батышка 2019-жылы жазында Дамасктын орусиялык Аба-Космостук күчтөрүнүн жардамы менен Идлиб провинциясына чабуул коюп баштаганы жаккан жок. Москва болсо орусиялык жана сириялык аскерлерге кол салган террорчуларга ушундай жол менен күрөш жүргүзүүдө жардам берип келгенин айтып актана баштады.
Түркия да Москваны Дамаскты тиешелүү деңгээлде көзөмөлдөбөй жатканына жана ок атууну токтотпой, Идлибдеги гуманитардык кризисти арттырып жаткандыгына күнөөлөдү. БУУнун маалыматында Идлибден 900 миң качкын өз үйлөрүн таштап качканга аргасыз болушкан.
Кырдаал 2019-жылдын декабрь, 2020-жылдын январь айларында курчуп, Дамаск тарап түрк аскерлерин атып өлтүргөндөн башталган. 2020-жылдын январь айында Сирияда төрт орус аскери өлгөн. Ал эми февраль айында түрк тарап 14 аскерин жоготкон. Кырдаалды курчутуу барган сайын абалды татаалданткан.
Дипломатия бир нерсе кыла алдыбы?
Орусия менен Түркия дипломатиясы кризисти чечүүдө өз түшүмүн бере элек. Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин жана Сирия боюнча президенттин атайын өкүлү Александр Лаврентьев башында турган делегация түрк кесиптештери менен 8, 10,18-февралда үч жолку сүйлөшүүлөрдүн үч раундун жүргүзүштү. Бирок Идлиб боюнча бир дагы жаңы келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк жаралган жок.
Бирок бул нерсе конфликтти аскердик күч менен чечүү дегенди түшүндүрбөйт. Курчуган кырдаалды талдай келгенде, Путин менен Эрдоган мындай маселелерди жекече сүйлөшүулөрдө чечкенди туура көрүшөт. 4-жана 12-февралда Орусия жана түрк президенттери телефон аркылуу сүйлөшүп, Идлиб боюнча 2018-жылда кабыл алган келишимге ыктай тургандыгын билдиришкен.
Бул боюнча акыркы сөз эки өлкөнүн президенттеринде болушу мүмкүн. Муну Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавшоглунун 18-февралда Москвада өткөн орус-түрк суйлөшүүсундөгү сөздөрү тастыктайт. Анын айтымында, Идлиб маселесин жакынкы күндөрү чечүүгө мүмкүн эмес. Бул боюнча жогорку деңгээлдеги жолугушуу күтүлүүдө.
Негизги маселе — Москва менен Анкаранын тез аранын ичинде компрмисске келүүсүндө.
Жалпы кызыкчылыктар
Акыркы күндөрү Түркия лоялдуу көз караштагы оппозициялык топторго жардам берүүсүн улантмак түгүл, өздөрүнүн да аскердик кошуундарын жана техникаларын Идлибде жайгаштыруусун арттырып жаткан учуру. Түрк аскерлеринин саны 9000 миң болуп, аскердик ар кандай түрдөгү миңден ашуун техникалар алынып келинген.
Бирок, түрктөрдүн коркутууларына карабай, сириялык армия М5 трассасын бойлоп, батышты карай бардык аймактарга көзөмөлүн арттырып жылып кетип баратат. Анткен менен Анкаранын сириялыктарды ээлеген позициясынан жылдырууга дарамети жеткидей эмес. Ошол эле учурда Эрдогандын Орусияга басым кылар алы да чектелүү сыяктуу .
Түркиянын сириялык армия менен аскердик конфликтке баруусу Москва менен кагылышууга алып келет. Ал эми Анкара муну каалабайт. Орусия менен Түркия Сирияда, ошондой эле бүтүндөй аймакта бири-бирине болуп көрбөгөндөй муктаж. Бири-бири менен мамилесин бузганга эки тарап тен кызыкдар эмес.
Ошондой эле эки тараптын масштабдуу аскердик аракеттерди кылуусу да жакшылыкка алып барбайт. Анткени мындай учурда бул ички миграциянын агымын күчөтүп, качкындардын санын көбөйтөт. Түркия Сириядан 3,5 миллион качкынды кабыл алып, олуттуу экономикалык, социалдык жана саясий көйгөйгө кабылды.
Түркия жаңы аскердик операция баштаганга даяр эмес. Анткени ал Ливияда жана Сириянын түндүк-чыгышында эки операцияга аралашып жүрөт. Түрк бийлигинин Идлибдеги эмес, түндүк-чыгыштагы сириялык күрддөр менен болгон көйгөйлөрү алардын негизги приоритети болуп саналат.
Алексей Хлебников, https://maralfm.kg/archives/408537