29 февраля 2020
1 миллион даана медициналык бет капты Кыргызстандан аткезчилик жол менен алып чыгып кетип бара жаткандар аныкталды.
Бул боюнча Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын бүгүнкү, 28-февралындагы отурумунда айтылды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Аткезчилик товар чек арадан кармалган. Учурда Кыргызстандан медициналык бет капты алып чыгууга тыюу салынган.